«Акипресс» Адахан Мадумаров тууралуу макаланы төгүндөй турган болду

Адахан Мадумаров. Сүрөт: «Азаттык»

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Артур Бакировдун «Акипресс» басылмасынын үстүнөн жазган арызын жарым-жартылай канааттандырды. «Акипресс» партиянын лидери Адахан Мадумаровдун аты аталган макаланы төгүндөй турган болду.

Эмне деген макала?

«Акипресс» 19-ноябрда «Президент Жапаров талапкерди чыккынчылык үчүн отургузууну убадалады» аталышындагы макала жарыялаган. Анда президент Садыр Жапаровдун Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге курган маеги тууралуу сөз болгон.

«Акипресс» президент Жапаровдун шайлоодон кийин Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды суракка алып, жоопкерчиликке тартабыз» деген сөздөрүнө басым жасаган. Бирок Жапаров ким тууралуу айтып жатканын ачыктаган эмес.

Макаланын автору өлкө башчысы талапкер Адахан Мадумаров тууралуу сөз кылган деп божомолдогон.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү Артур Бакиров макалада президенттин сөздөрү өз алдынча чечмеленип, бул «талапкердин жана саясий партиянын репутациясына зыян алып келиши мүмкүн» деп, «Акипресстин» үстүнөн БШКга даттанган.

Отурумга келген «Акипресстин» өкүлү Айперим Бекбоева макалада өлкө башчынын сөздөрү гана келтирилгенин жана ал бирөөнүн репутациясына зыян келтирүү максатын көздөбөгөнүн билдирди. Ошондой эле, Бекбоева «Акипресс» Мадумаровго байланыштуу макаланы төгүндөгөнгө даяр экенин белгиледи.

275 метр тилке жана күчкө ээ эмес протокол

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш аталган протоколду ратификациялоодон баш тарткан.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө протоколго кол койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

«Бүгүнкү күндө ошол жол болгон үчүн Сүлүктүдөн чыккан машине токтоосуз Кыргызстанга, Бишкекке келип жатат. Протоколду Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Эч кандай күчкө ээ эмес», — деген Мадумаров.

Ал эми 2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат бериле элек.

Бул маселени үстүбүздөгү жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаров ЖМКларга курган расмий маалымат жыйынында да көтөргөн. Анда ал Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатканын билдирген. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бүтүн Кыргызстан» тизмесин бекитти, партияны шайлоого Мадумаров баштап барат

«Мадумаровдун баркына шек келтирген». «Бүтүн Кыргызстан» эки партиянын үстүнөн БШКга арызданды