Алдамчылыкка шектелип жаткан Мелис Аспеков тергөө абагынан реанимацияга которулду

Алдамчылыкка шектелип жаткан Мелис Аспеков абалы начарлап, 18-ноябрда №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулганы белгилүү болду. Бул тууралуу Аспековдун адвокаты Сергей Манукян Vesti.kg’ге курган маегинде билдирди.

Манукян Аспеков августта дагы Улуттук кардиология борборуна жаткырылып, андан соң жеке менчик «Бикард» клиникасына которулганын кошумчалады.

«17-ноябрда кайра СИЗО-1ге жеткирилген. Бирок эртеси күнү кечинде өзүн жаман сезип баштаган. Ал Улуттук кардиология борборуна жөнөтүлүп, реанимацияга жаткырылды», — деп билдирди адвокат.

Жактоочу сотко арыз жазганын, себеби минкабдын токтомуна ылайык, Аспеков жүрөгүнө операция жасалгандыктан камакта калбашы керектигин да белгиледи.

Адвокаттын айтымында, ал соттук-медициналык экспертиза дайындоо боюнча сотко арыз менен кайрылды.

«Же тергөөчүлөр, судьялар, прокурорлор өкүмгө каршы даттанышы керек, же Мелиса Аспекованын баш коргоо чарасын өзгөртүшү керек», — деди Манукян.

Аспековдун иши

Активист Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектелип 2021-жылдын анварында кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков дагы бир активист Улан Жураев менен ишкананын жетекчилигин финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, «Кыргызтемиржолуна» каршы митинг уюштурабыз деп ири суммадагы акча опузалашкан. Бул окуядан кийин, ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Садыр Жапаров Аспековдун кармалышына карата оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп билдирген.

Андан кийин эле, үстүбүздөгү жылдын май айында Аспеков Садыр Жапаров шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган деп билдирүү жасаган. Аспековдун каты анын фейсбук барагында жарык көргөн.

Андан кийин Жээнбековдор ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн сотко арыз беришкен. Бирок Аламүдүн райсоту арызды кыргызча жазылбагандыктан доогерлерге кайтарып берген.

12-майда фейсбукта УКМКнын ТИЗОсунан Аспековдун атынан делген кайрылуу пайда болгон. Кайрылууда УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери аны үч ай бою кыйнап, финполдун экс-башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышканы айтылган. Билдирүүдө Аспековдун денесиндеги көгала тактар көрсөтүлгөн сүрөттөр да болгон.

УКМК 14-майда кыйноо тууралуу маалыматты четке кагып, бул маалыматты «коомчулуктун башын адаштыруу аракети катары баалашарын» билдирген.

Көп өтпөй эле 24-майда УКМК Аспековго карата дагы бир кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков Б.Л. аттуу аялдан тууганын абактан бошотуп чыгарып берүүнү убада кылып, алдамчылык менен 15 миң доллар алган.