«Кумтөр» иши. Сарпашев менен Зулпукаров камакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-ноябрда «Күмтөрдөгү» коррупция иши боюнча экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин жана парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы маалымдады.

Сот чечимине ылайык, Сарпашев менен Зулпукаров 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калды.

Тайырбек Сарпашев «Күмтөр» иши боюнча 2021-жылдын июнунда УКМК тарабынан кармалган. Мекеменин маалыматы боюнча, ал «Centerra Gold Inc’тин өкүлдөрү жана мамлекеттин жогорку жетекчилиги менен өз ара кутум келишимге барып, кылмыш кылган».

Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарда туруп Centerraнын кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга тоскоолдук кылган деп белгиленет.

Төрөбай Зулпукаров дагы үстүбүздөгү жылдын июнь айында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Анда Зулпукаровдон сырткары, экс - президент Сооронбай Жээнбековдун иниси депутат Асылбек Жээнбеков да кармалган. Экөө тең Күмтөр кениндеги «Коррупция» иши боюнча шектүү катары өтүп жатат.

«Күмтөрдөгү» коррупция

УКМК 2021-жылдын 11-августунда «Кумтөр» боюнча тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. УКМКдан белгилешкендей, тергөө далилдерди чогултуп Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө, түрдүү толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары толугу менен масштабдуу коррупцияга жол берилген деген негиздүү жыйынтыкка» келген.

Улуттук коопсуздук комитетинен келишимдин шарттары «Кыргызстандын элинин кызыкчылыктарына жооп бербегенин» баса белгилешкен. «Кумтөр» боюнча алгачкы келишимдерге байланыштуу өлкөнүн биринчи бозгун президенти Аскар Акаев жана «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы башчысы Дастан Сарыгулов сыртынан кылмыш жообуна тартылган.

Ошондой эле, төмөнкү адамдарга издөө жарыяланган: экинчи качкын президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиев, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиев, директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Елисеев, инвестордун өкүлү Андрей Сазанов.

«Кумтөр» иши боюнча экс-депутаттар Талант Узакбаев жана Исхак пирматов коррупцияга аралашкан деп күнөөлүү табылган. Экөө тең 300 миң сом айыпка жыгылган.

Тема боюнча окуңуз: УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү