Эдил Байсалов:«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам дагы толукталат

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги барагына «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун айланасындагы талкуу боюнча оюн билдирди.

Байсаловдун айтымында, мыйзам долбоору учурдагы минкаб менен макулдашылган эмес. Аны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жаңы Конституциягы ылайык иштеп чыккан.

«Мыйзам долбоору коомдук талкуу процессинде каралгандай толуктап кайрадан иштелип чыгат. Жогорку Кеңешке баштапкы вариантта келбейт. Эне тилди өнүктүрүү жана бекемдөө маселеси министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет», — деди ал.

Байсалов долбоордун толукталып, кайрадан иштелип чыгышын же расмий тилдин колдонуу чөйрөсүн кыскартуу маселесин, ал эми «этникалык азчылыктын кызыкчылыктарын жана укуктарын бузууну» андан бетер саясатташтыруунун кереги жок экенин кошумчалады.

Мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору социалдык тармактардын колдонуучулары жана ЖМКлар арасында кызуу талкуу жараткан. Долбоор тууралуу өз оюн Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко да билдирген.

Анын айтымында, Орусия кырдаалга көз салып жатат жана ал жерде долбоордун азыркы түрүндө кабыл алынышы «Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилдин колдонуу чөйрөсү кыскарат деген кооптонуулар» бар.

Тема боюнча окуңуз:

Тема боюнча: Тил жөнүндө жаңы мыйзам. Бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билүүгө милдеттүү болот

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады