Люстрация, жаштар жана карылар. Кезектеги теледебатта эмнелер айтылды?

25-ноябрда КТКР телеканалында парламент депутаттыгына талапкерлердин кезектеги теледебаты өттү.

Бул ирет дебатка «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов, «Эл Үмүтүнөн» талапкер Улукбек Карыбек уулу, «Улуу Журттун» төрагасы Мирлан Орозбаев жана «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партиясынын» (КБПП) талапкери Кубатбек Алымбеков катышты.

Талкуу негизинен «эски саясатчылардын» айланасында болду. Мырзакматовдон башка бардык талапкерлер өлкөнүн өнүгүүсү үчүн люстрация керек экенин айтышты. «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери «эски же жаңы деген түшүнүк жок экенин» — мамлекетти тажрыйбалуу адамдар оңдой ала турганын билдирди.

Олигархтар жок, мафия

Мырзакматов дебатта сөз алганда дароо эле «Улуттар Биримдиги» партиясында «олигархтар, экс-депутаттар жана аты булганган адамдар жоктугун» айтты.

Мелис Мырзакматов. Түз эфирдин скриншоту

«Улуу Журттун» жетекчиси алардын партиясынын максаты — эскирген системаны жана ак үйдү менчиктеп алган мафияны тазалоо экенин белгиледи. Ал ошондой эле партиянын курамында экс жана учурдагы депутуттар жок деп билдирди.

КБППнын талапкери Кубатбек Алымбеков кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга аракет кыларын айтты. Ал эми «Эл Үмүтүнөн» Улукбек Карыбек уулу партиясында жаштар чогулганын белгиледи.

Убадалар канчалык реалдуу?

Теледебаттын жүрүшүндө алып баруучу талапкерлер программаларын кантип жазганын, алардын убадалары канчалык реалдуу экенин сурады.

Мырзакматов программа жазуу үчүн убакыт талап кылынарын белгиледи. Ошондой эле ал мурдагы депутттардын баары популизм менен алектенип келгенин кошумчалады. Натыйжада, Мырзакматов партиясынын программасы менен тааныштырууга үлгүргөн жок.

Орозбаев болсо партиясы пенсия пособияларды же жол оңдоп берүүнү убада кылбасын белгиледи. Анын айтымында, «Улуу Журттун» катарында «таза талапкерлер бар» жана алар «чирип калган эски системаны жок кылышмакчы».

Мирлан Орозбаев. Түз эфирдин скриншоту

Ал эми КБППнын талапкери Алымбеков партиялардын баарынын программасы окшоштугун, анын баары ишке ашпай турганын айтты. Айтымында, биринчи кезекте эски кадрлардан арылуу керек.

Карыбек уулу «Эл Үмүтү» партиясынын 18 кадамдан турган программасы бар экенин билдирди. Ал кеп программада эмес, кеп адамдарда деп эсептейт. Анын пикиринде, жарандар жөн эле жакшы саясатчыларды тандап ала алышпайт.

Элди көбүнесе эмне ойлондурат?

Теледебаттын алкагында алып баруучу талапкерлерден элди көбүнесе эмне ойлондурарын, эгер алар парламентке келип калса эмне кылууну көздөшөөрүн сурады.

Улукбек Карыбек уулу мамлекет элдин ишине аралашпай, өз түзүмдөрүнө көз салышы керек деген пикирди айтты. Ал шайлоочуларды дагы бир ирет эски саясатчыларды колдобоого үндөдү.

КБППнын талапкери учурда борбор менен аймактардын ортосунда ажырым байкалып жатканын билдирди. Анын айтымында, саясатчылар борборго жетип алгандан кийин башка облустарды унутуп коёт. Ал өлкөдө абалды өзгөртүш үчүн эски кадрлардан арылуу керек деген ойду карманат.

Кубатбек Алымбеков. Түз эфирдин скриншоту

Мирлан Орозбаев эски саясатчылар алмашпай жаткандыктан, жаштар аргасын таппай калды деп дагы билдирди. Анын айтымында, шайлоочулар учурда добуштары эч нерсени чечпей калды, мурдагы жүздөр кайра эле келет деп ойлошот. Ал көп жерде жакшы адамдар бар, бирок кептин баары адамдарда деп эсептейт. Мындан тышкары, Орозбаев «Улуу Журттун» катарында бул жагдайды өзгөртө ала турган талапкерлер бар экенин айтты.

Мырзакматовдун айтымында, алар эл менен жолукканда үмүтсүздүктү байкашкан. Ал эл кымбатчылык менен жакырчылыктан кыйналып жатканын айтты. Мырзакматов өлкөдө ун, күйүүчү май сыяктуу стратегиялык товарларга мамлкеттик жөнгө салуу киргизүү керек деп эсептейт.

Жаштар жана карылар

Теледебаттын талапкерлер бири-бирине суроо бере турган бөлүмүндө дебаттын катышуучулары кайрылуу менен гана чектелишти. Талапкерлер оппоненттерине суроо деле беришкен жок.

Алсак, Мырзакматов мамлекетти жаш же карылар эмес, тажрыйбалуу жана таза кадрлар оңдойт деп эсептейт. Анын пикиринде, оппоненттеринин эски кадрлар тууралуу билдирүүлөрү көбүнесе «балдар максимализмине» окшоп кетет.

Ал мамлекетти оңдоодо демагогия менен популизмге таянбаш керек деп белгиледи. Мырзакматовдун айтымында, мамлекетти «тажрыйбалуу менеджерлер гана оңдой алат» деген пикирде.

«Улуттар Биримдигинин» лидеринин сөздөрүнө Улукбек Карыбек уулу жооп берди. Ал тажрыйбалуу саясатчылар жаштарды митингдерге алып чыгып, өз максаттарына пайдаланып, ал эми кезек шайлоого келгенде жаштарды тажрыйбасыз деп аташаарын айтты.

Улукбек Карыбек уулу. Түз эфирдин скриншоту

Анын айтымында, учурда өлкөгө кайсы бир «экономикалык программалар эмес», таза жаш кадрлар керек.

Орозбаев да өлкөдөгү абалды эски кадрлар менен өзгөртүү мүмкүн эместигин белгиледи. Ал дагы системаны өзгөртүү үчүн жаңы адамдар керек деп эсептейт.

КБППнын талапкери да люстрация тууралуу тема козгоп, Грузияны мисал келтирди. Анын айтымында, өлкөдө «конкурс өткөрүп», мамлекеттик кызматтарга жаш кадрларды алыш керек.

Партиянын катарындагы депутаттар

«Улуу Журттун» лидери КБПП люстрация тууралуу айтып жатканы менен партиянын тизмесинде учурдагы депутат Гүлшат Асылбаева (№8) бар экенин эскертти. Кубатбек Алымбеков сөз алып, депутат айымга партиянын программасы жакканын жана Асылбаеванын парламенттин жаңы чакырылышына келер-келбесин эл өзү тандашы керек деп билдирди.

Ушундай эле суроо менен Мырзакматов «Эл Үмүтү» партиясына да кайрылды. Ал партиянын лидери бийликке жаш кадрлар келиши керек деп айтканын, бирок саясий партиянын тизмесинде экс-депутат Давран Сабировдун уулу Шерзод Сабиров (№9) бар экенин билдирди.

«Мына бул Сабиров Шерзод Давранович деген жигит, мурдагы үж жолку депутаттын баласы. Иш козголуп, Өзбекстанга качып кетип, шайлоонун алдында келе калып, баласын сиздерге кошуптур. Ошон үчүн айтып жатам, баштабай жатып эле элди алдабагыла. Ошко барып, Сабиров Давран ким экенин сурасаңыз жакшы жоопторду аласыз», — деп билдирди ал.

Мырзакматовдун талапкер Шерзод Сабировдун үгүт барагын көрсөтүп жатат. Түз эфирдин скриншоту

«Эл Үмүтүнүн» лидери Мырзакматовдун талапкер Шерзод Сабировдун үгүт барагын көрсөткөнүн «одоно болуп калды» деп атады.

«Кимге гана кылмыш иши козголгон жок, мисалы, сизге деле кылмыш иши козголуп качып жүрбөдүңүзбү. Эгерде сот аныктаса, сот жооп жоопко тартышы керек, ким болбосун жооп бериши керек», — деди Карыбек уулу Мырзакматовго кайрылып.

«Эл Үмүтү» — бийликчил партия эмес

Улукбек Карыбек уулу телекөрүүчүлөрдүн биринин суроосуна жооп берип жатып, «Эл Үмүтү» бийликчил партия эмес экенин билдирди. Анын айтымында, патияны эч кандай күч жетектебейт, аларды партиядан корккон эски саясатчылар бийликчил деп аташат.

Мурдараак соцтүйүндөрдө «Эл Үмүтү» партиясы президенттин жубайы Айгүл Жапаровага таандык делген маалымат таркаган болчу.

Бирок өлкө башчысынын басма сөз катчысы бул маалыматты төгүндөп, Айгүл Жапарова кайсы бир партияны каржылаган жок деп билдирген.

Атын атагысы келбеген демөөрчү тууралуу

Мындан тышкары, телекөрүүчүлөр «Эл Үмүтүнүн» талапкерине анонимдүү демөөрчү тууралуу суроо узатышты. Мурдараак бул партиянын талапкери Канышай Рыспекова Инстаграмдагы барагына 5000 сомдук тутам акчанын сүрөтүн жарыялап, «бейтааныш адамдар аны колдоп акча берип жибергенин», аталган каражат «Эл үмүтү» партиясынын эсебине которуларын жазган болчу.

Бирок бул шайлоо мыйзамын бузуу болуп эсептелет. Себеби, «КР Президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын «Шайлоо фонддору» тууралуу беренесине ылайык, атын атабай кайрымдуулук кылууга жол берилбейт.

Кийин Рыспекова ал каражаттан баш тартканын, ал эми партиянын шайлоо фондуна өз чөнтөгүнөн каражат төккөнүн билдирген.Улукбек Карыбек уулу атын атагысы келбеген демөөрчү тууралуу суроого түз жооп берген жок, бирок бир нече жолу партияны каралоо болуп жатканын айтты.

Шайлоо-2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Өлкө боюнча партиялардын жана бир мандаттуу округдардан жалпы — 1300дөн ашык талапкер ат салышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.