Бек Борбиев: Эл башындагы эки жигитке керектүү жерде админресурс иштеди

Сүрөт Бек Борбиевдин Фейсбук барагынан алынды

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Бек Борбиев шайлоо «таза өтпөгөнүн» айтып чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук барагына жазды.

Борбиев таза шайлоо болот деп ойлогонун айтып, бирок «эл башындагы эки жигит кайсады» дейт.

«Аларга керек жерде админресурс иштеди, өтө кир. Оңолбойт экенбиз. Мен позиция болуп туруп, бийликке оппозиционер болуп иштегенге туура келди. Унчукпадым. Эмне болсо дагы уттуңар. Туура эмес кылганыңарды эл көрүп, билип турат. Аман болгула эки дос», — деди ал.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча «Ата-Журт Кыргызстандын» 15 талапкери парламентке өттү. Мандатка ээ болгондордун катарына Бек Борбиев кирген жок — ага алдын ала жыйынтык боюнча 2 219 киши добуш берди.

Ал эми жалпысынан шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстандан» сырткары «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» жеңишке жетти. Автоматташтырылган электрондук эсептөөчү урнадагы бюллетендердин жыйынтыгы чыктык. Ушул тапта кол санак жүрүүдө. 

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары жарыялангандан соң «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар биримдиги» партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыгышты.

Алар шайлоо «бурмалоо жана көз боёмочулук менен өттү» деп эсептешет. Атап айтканда, лидерлер бийлик айрым партиялардын 40 миңден 70 миңге чейинки добушун тартып алды деп айтышууда.

Дагы окуңуз: Беш партиянын лидери минкабдын отставкасын жана кайра шайлоону талап кылды

Бек Борбиев жана «Ата-Журт Кыргызстан»

Бек Борбиев «Ата-Журт Кыргызстандын» №17 катарында шайлоого катышты. Былтыркы жылы ал Матраимовдордун кланына таандык «Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездине барып, бирок талапкерлердин тизмесине кирген эмес. Кийинчерээк ал талапкерлердин тизмесинен «чийилип калганын» ачыктаган.

Борбиев өзү мурдагы бажычы, коррупционер Райымбек Матраимовдун досу. Өткөн жылы «Мекеним Кыргызстан» үчүн ыр жаздырып, клип тарткан. Бирок клип үгүт иштеринен мурда жарыялангандыктан ал 7,5 миң сомдук айыпка жыгылган.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» коомчулукта «бийликчил» деп аталып, аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштырышат. Анткени партияны Ташиевдин айылдашы Айбек Маткеримов жетектейт.

Маткеримов өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен барган. Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстандан» Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп, кайрадан мандатын тапшырган.

Анткен менен Ташиев өзү жана партия лидери Айбек Маткеримов партия УКМКнын төрагасына тиешелүү делген маалыматты четке кагышкан.