«Бизди чийип, ордубузга алып келген досторуң көрүнгөн жок» — Бек Борбиев Матраимов тууралуу

Райымбек Матраимов/Бек Борбиев

Ырчы Бек Борбиев фейсбук баракчасына досу, экс-бажычы Райымбек Матраимов тууралуу үн катты. Ал Матраимовго таянып ага президенттер тарабынан басым болгонун айтты. Ошондой эле Борбиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинен кандайча чийилип калганына токтолду.

«№1 адам»

Борбиев партиянын курамынын түзүлүшүнө экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тиешеси болгонун айтып, «Райымбек Матраимов ал тарабынан кысымга кабылган» деп билдирди.

Анын айтымында, ал Матраимов менен партиянын съездинен кийин баарлашып отурган. Анда Борбиев «өзү буга чейин партиянын алдынкы тизмелеринде болгонун, бирок ошол күнү “чийилип кеткенин” айтып, анын себебине кызыккан». Ал эми Матраимов Борбиевдин суроосуна «№1 адам ушундай чечим кабыл алды» деп жооп берген.

«Ал “№1 адам (Сооронбай Жээнбеков) сени башкарууга мүмкүн эмес деген таризде алып салды” деп түшүндүрдү. “А эмнеге тиги 20, 30 жылдан бери элди жеп келаткандарды кошуп алдың” дедим, анткени мурда тизмеде жок эле адамдарды ошол съездден көрдүм [...] “Аларды дагы №1 күчкө салып бизге кошуп салды” деп жооп берди», — деди ал.

Бул окуядан соң Борбиев Матраимовго «алар бир жыл мурда партия “таза” саясатчылардан түзүлөт деп сүйлөшүшкөнүн айтып нараазы болгом» дейт.

«Айтор досум башка нукка түшүп, жогорку күчтөрдүн кысымында калганын түшүндүм. “Эми ишиңер чатак, шайлоонун эртеси күнү эл көтөрүлөт, андан эптеп кутулсаңар, жазында чоң толкундоо болот, ошого туруштук берээр бекенсиңер? Не болсо да ийгилик” деп кол алышып чыгып кеттим», — деди Борбиев.

«Матраимов Атамбаевге Баткенге губернатор кылып жибериңиз деген»

Ырчы Матраимов бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан кете электе ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевден «аны Баткен облусуна башчы кылып дайындашын суранганын» айтты. Бирок мурдагы президент «буга макул болгон эмес» дейт.

«Ал “алты завод-фабрика курам, көп кабаттуу үйлөрдөн турган микрорайон салам. Ар бир ишканада 10,20 миңден кем эмес жумуш оруну түзүлөт” десе, тиги Райымдан 10 эсе бай адамыбыз коркуп кетиптир. Анткени Баткен өнүгүп, башка тарап итке минип турса, албетте "Ашага" чоң минус, досум герой болуп кетмек», — дейт ырчы.

Ошондой эле Борбиев Райымбек Матраимов 18-февралда кармалганда аны колдоп келгендердин арасында «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон «достору» келген жок деп белгиледи.

«Баарына кудай бар. Кечээ митингде, бизди чийип, ордубузга алып келген досторуң көрүнгөн жок, убактылары болбой калды окшойт», — деп жыйынтыктады ал.

Борбиев буга чейин бажы тармагында иштеген. Ал эми жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Матраимовдордун кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездине катышкан. Ошондой эле ал партиянын урматына ыр да жаздырган.

Бирок ырдын клиби үгүтөө иштеринен мурда жарыялангандыктан БШК ырчыны 7 500 сомго айыппулга жыккан.

Ошондой эле буга чейин журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темировдун «Матраимовдун бажы империясы» боюнча жасаган иликтөөсүндө Борбиевдин уулу Хан-Бото Борбиевдин аты аталган — ал «Манас» бажысынын ыкчам нөөмөт бөлүмүндө инспектор катары иштээри айтылган.

Анда Борбиев иликтөө боюнча пикирин билдирип, уулу жумушка «конкурс аркылуу гана киргенин» айткан.

Матраимовдун кармалышы

Экс-бажычы Райымбек Матраимов УКМК тарабынан 18-февралда кайрадан кармалып, эки айга камакка алынган. Ал «кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» айыпталууда.

11-февралда «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган — сот ага 260 миң сом өлчөмүндө айыппул салып, бошоткон болчу. Ошондой эле сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган.

Матраимов бошотулгандан кийин өкүмгө нааразы болгон жарандык коом 14-февралда Бишкекте тынчтык жөө жүрүшүнө чыккан. Алар «Матраимовдун камалышын, акыйкаттуулук орношун жана бийлик элге кайтарылышын» талап кылышкан.

Марш болуп өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эгерде чет өлкөдөн экс-бажычынын мүлктөрү табылса тергөө уланат деп ишендирген болчу.

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Ал эми АКШ Матраимов жана анын жубайы Аманда Тургунованы «Магнитский тизмесине» киргизген. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана

Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Тургунова фамилиясын Сулаймановага өзгөрткөн.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.