Милиция «Ордо» партиясынын лидерин издеп баштады

Милиция Бишкекте 28-ноябрда шайлоо күнү жоголгон «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияровду издеп баштады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Ленин РИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция Мияровдун жоголгону боюнча фактты маалыматтарды катто журналына киргизди. Акыркы жолу саясатчы байкалган жерге милиция жөнөп кетти.

Ленин РИИБдин маалыматы боюнча, 28-ноябрда болжолдуу саат 15:00дө Мияров шайлоо участогунан чыгып, андан соң унаасына отуруп белгисиз багытта жөнөп кеткен, ошол бойдон байланышка чыккан эмес. РИИБден милицияга саясатчынын жубайы да кайрылганын, бирок ал эч кимге доосу жоктугун айтып, жолдошун издөөнү токтотууну суранганын белгилешти.

Мияров жоголгону 29-ноябрда эле айтыла баштаган. Анда саясатчынын туугандарынын бири аны УКМК кызматкерлери кармап кетиши мүмкүн экенин айткан. Бирок УКМК бул маалыматты «Клооптун» журналистине төгүндөп, алар саясатчыны кармашпаганын билдирген.

«Ордонун» лидери

Мирбек Мияров — «Ордо» партиясынын лидери, партиялык тизме менен биринчи номурда талапкерлигин көрсөткөн. Мияров 2020-жылдын 15-октябрында Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалган.

Анда өкмөттөн Мияровдун бул кызматка дайындалыгын «кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу» максаты менен түшүндүрүшкөн.

2021-жылдын мартында Мияров ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк кызматтынан бошотулуп, ордуна Эркин Тентишев дайындалган. Ал эми Мияров «башка кызматка өткөнү» кабарланган.

Акыркы жолу Мияров КТРКнын теледабатында учурдагы бийликтин кадрдык саясатын сындаган болчу. Ал учурда эл парламентке эле эмес, бийликке да ишенбей калганын кошумчалаган.