Жанар Акаев шайлоонун жыйынтыгы тууралуу айткандарын бурмалабоого чакырды

Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» партиясынан талапкер Жанар Акаев 28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын сайтындагы мүчүлүштүккө чейин билдирген «пикирин бурмалабоого» чакырды. Бул тууралуу депутат Фейсбук барагында түшүндүрмө берди.

Буга чейин соцтармакта «Альянстын» талапкери Жанар Акаев «шайлоо 100% таза өттү» деп айтты делген маалымат тараган.

«28-ноябрда кечинде шайлоо босогосун алдын ала жыйынтык боюнча 10 партия басып өттү деген кабар чыккан учурда Алтынбек Сулайманов экөөбүз штабга келген журналисттердин суроосуна жооп бергенбиз. Бул партиянын атынан эмес, жеке интервью болгон. Ошондон бери кандайдыр бир билдирүү жасаган жокпуз. Ошол учурдагы маектен үзүндүнү ар кандай өңүттө бурмалабаганга чакырам», — деди ал.

Аны менен катар, Акаев «айрым партиялар түрдүү ыкма менен добуш сатып алуу аракетин жасаганын» белгилеп өткөнүн кошумчалады.

Акаев өзү маек бергенден кийин БШКнын сайтында коомчулукта күмөн жаратчу жагдайлар орун алганын айтып, тез арада териштирилип, элге ачык жана так маалымат берүүнү талап кылды.

«Бардык саясий күчтөрдү кол менен саноо процессине активдүү катышууга чакырам. БШК сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмөнү биз да талап кылабыз», — дейт депутат.

Фейсбукта тараган фейк маалымат

БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк, партиялардын нааразычылыгы

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктаган соң АСУдагы добуштардын жыйынтыктары чыга баштаганда БШКнын сайтында үзгүлтүк катталып, ал жерде болушу мүмкүн эмес сандар пайда болгон.

Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан.

БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялаган, бирок ал да туура келген эмес.

Мындан улам «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар биримдиги» партиялары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришкен. Алар шайлоо бурмалоо жана көз боёмочулук менен өттү деп эсептешет.

Атап айтканда, партия лидерлери бийлик айрым партиялардын 40 миңден 70 миңге чейинки добушун тартып алды деген пикирде.

Ал эми 29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү Боршайкомдун алдына митингге чыккан. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоону талап кылышкан.

Митингчилердин алдына чыккан Шайлдабекова БШКнын сайтында жыйынтыктарды көрсөткөн таблицадагы ката үчүн кечирим сураган.

Ошондой эле, Шайлдабекова АСУдан алынга алдын ала маалыматтар «юридикалык күчкө ээ эмес» экенин билдирип, учурда кол санак уланып жатканын айткан. 30-ноябрь күндүн биринчи жарымына карата бюллетендердин 20%ы кол менен саналып бүттү.