Шайлоо-2021: Бюллетендердин 20 пайызга жакыны кол менен саналып бүттү

БШКнын сайтынан скрин

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу бюллетендердин дээрлик 20%ы кол менен саналып бүттү. Мындай маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында 30-ноябрда жарыяланды.

БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы 2 494 шайлоо тилкеси бар. Бүгүнкү күндө 489 шайлоо участкасынын бюллетендери саналып бүттү. Ал эми автоматтыштырылган эсептөөчү урналардан (АСУ) алынган бюллетендердин 97%ы эсептелди.

АСУдан алдынган алдын ала жыйынтыкка ылайык, алты партия 5%дык шайлоо босогосунан өткөн, алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру».

Анткен менен, БШКнын алгачкы маалыматында Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын саны 10ду түзгөн болчу. Ошол эле учурда, партиялардын эсебиндеги добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан. БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялаган. Бирок ал да туура болбой жатат.

БШКнын сайтынын ишиндеги үзгүлтүк бир нече партияны парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн санатты. 29-ноябрга караган түнү алты партия АСУнун маалыматтарынын алдын ала жарыяланган жыйынтыктарына макул эместигин билдирип, добуштарды кол санактан өткөрүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, добуштар жоголуп кеткен.

Ал эми Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, БШКнын негизги системасында эч кандай мүчүлүштүктөр жок экенин айтып, сайттагы маалыматтар туура экенин кошумчалаган.

«Оң жагында АСУнун эсептөөсү боюнча маалымат кетет, сол жагында — шайлоонун жыйынтыгы ыңгайлуу көрүнүшү үчүн жөн гана таблица турат. Мына ошол таблицабызда кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган. Ошондуктанда ал маалыматтарды негизги таблицадан алып, аны туура эмес көрсөтүп койгон — 2 позицияны кошуп салган, алар кошулбашы керек эле. Ал дароо эле байкалган. Болгону чагылдырып көрсөтүү программасы туура эмес», — деп түшүндүргөн БШКнын төрайымы.

Ал арада «Ата Мекен», «Реформа», «Социал-демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар биримдиги» партиялары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришти. Алар шайлоо бурмалоо жана көз боёмочулук менен өттү деп эсептешет. Атап айтканда, партия лидерлери бийлик айрым партиялардын 40 миңден 70 миңге чейинки добушун тартып алды деп билдиришти.

29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү Боршайкомдун алдына митингге чыгышкан. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоону талап кылышкан. Митингчилердин алдына чыккан Шайлдабекова БШКнын сайтында жыйынтыктарды көрсөткөн таблицадагы ката үчүн кечирим сураган.

Ошондой эле, Шайлдабекова АСУдан алынга алдын ала маалыматтар «юридикалык күчкө ээ эмес» экенин билдирип, учурда кол санак уланып жатканын айткан.