Жапаров: БШКнын ката кетирген адисин УКМК текшерип баштады

Президент Садыр Жапаров Фейсбук барагында кайрадан парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары менен «БШКнын катасы» тууралуу үн катты.

Ал «шайлоо эң жакшы келе жатып, БШК болбогон жерден майда-чүйдө ката кетирип алганын» айтты.

«[Бул] айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүктү жаратты. БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат», — деп белгиледи президент.

Буга чейин БШК добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо адистин катасынан улам, айрым партиялар менен талапкерлердин добуштары эки эсе көбөйүп, бирок кийин жок болуп кеткенин айткан. Мындан улам, бир катар партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришип, бийликти бурмалады деп айыпташкан.

Бирок президент «бийлик шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсо, БШКнын ишине да дал ошондой кийлигишкен жок» деп көшөрүүдө.«Болгону эки талап койдук. Адилеттүү жана мыйзамдуу иштегиле дедик. БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болгон жок жана болбойт дагы. Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок», — деп белгиледи Жапаров.

Ал «күнөөлүлөрдү жоопко тартабыз» деп убада берип, УКМК ката кетирген адисти текшерип баштаганын маалымдады.

«Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, “мен ушундай кылып силерге митингке чыкканга шылтоо жасап берем” деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет», — деп билдирди президент.

Жапаров шайлоонун алдын ала жыйынтыктарынан күмөн санап жаткан партияларды кол санакка активдүү катышууга чакырды.

29-ноябрдагы БШКнын алдындагы бир канча партиянын митинги. Алар шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына макул эмес.
Сүрөт: «Клооп»

«Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот», — деп убада кылды ал.Мындан тышкары президент «белгилүү жарандарды» өзүн жана маркум атасын кемсинткен сөздөр менен мазактабоону суранды.

Парламенттик шайлоо

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланды. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 300 жакын талапкер катышты.

БШКнын саат 16:30га карата маалыматына ылайык, кол санактан кийин бюллетендердин 26,3%ы боюнча протоколдору келип түштү. Бул убакытка карата Жогорку Кеңешке өтүш үчүн керектүү 5 пайыздык босогодон 7 партия өтүп жатат:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 14,34%;

«Ынтымак» — 13,48%;

«Ишеним» — 11,72%;

«Ыйман Нуру» — 7,96%;

«Альянс» — 7,04%;

«Эл үмүтү» — 6,1%;

«Бүтүн Кыргызстан» — 5,39%.

БШКнын сайтынын ишиндеги үзгүлтүк

Бирок автоматтык урнадагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгара баштагандан кийин БШКнын сайтында үзгүлтүк болуп, туура эмес сандар пайда болгон. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин, партиялар алган пайыздардын жалпы суммасы 150%га жеткен, ал эми жеңишке жеткен партиялардыкы 130%дан ашкан. БШК бир канча убакытка маалыматтарды өчүрүп, андан соң сайтка жаңы маалыматтарды жүктөгөн, бирок анда айырмачылыктар болууда.

Мындан улам бир нече партия шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын тааныбасын билдирип, бийликти бурмалоого айыпташкан. 29-ноябрда партиялардын тарапташтары Боршайкомдун алдына митингге чыгышкан. Ал жерде бийликке эки күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындап, БШКнын мүчөлөрү менен өкмөттү отставкага кетирүү талабы коюлган.

Ал эми БШК жооп катары «механикалык ката» үчүн кечирим сурап, бул тууралуу толук маалымат берүү үчүн партия өкүлдөрүн чакырууну убадалаган.

Боршайкомдон алардын адиси АСУдан алган маалыматтарды сайтка жүктөөдө катачылык кетирип, санды экиге көбөйтүп алганын маалымдады. Кийин катаны оңдогон.

«Мында белгилей кетчү жагдай, АСУдагы жана негизги системадагы маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган системанын иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон», — дешти шайлоо комиссиясынан.

Тема боюнча окуңуз:

БШК сайттагы мүчүлүштүк «кызматкердин катасынан улам» болгонун билдирди