Садыр Жапаров: БШКнын 31 миң мүчөсү бийлик добуш уурдады деп айтса отставкага кетем

Президент Садыр Жапаров болуп өткөн парламенттик шайлоо боюнча оюн айтты. Aryba.kg сайтына курган маегинде президент эгер шайлоодо бурмалоо болгону тастыкталса, анда кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Президенттин басма сөз кызматынан «Клоопко» президент аталган сайтка чындап эле маек курганын бышыкташты.

Ал шайлоо таза өткөнүн, аны эл аралык байкоочулар дагы тастыкташканын билдирди.

«Анын баары шайлоо калыс өткөнүн, добуштар уурдалбаганын, техника калп айтпасын жакшы билишет. Себеби ошол эле өнүккөн мамлекеттер ушул техникалар боюнча бизден 50 жыл алдыга кеткен. Эгер чындап уурдалган болсо жакшы айтмак түгүл дүйнө жүзүнө дүңгүрөтө жарыялап чыгышмак. Мына “Кыргызстанда ушундай болду, добуштар уурдалды” деп», — деди ал.

Жапаров айрым партиялардын «добуштар уурдалып, бюллетендер түндө алмашылган» деген билдирүүлөрүн «абсурд» деп атады.

«Республика боюнча 31 миң шайлоо шайлоо комиссиясынын мүчөсү бар. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң бир заматта билинип калчу заман.

Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери жана участкалык шайлоо коммисияларынын 31 000 мүчөсү “бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык” деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле оставкага кетип калайын», — деп билдирди президент.

Ал учурда сервердин ишин түшүнгөнү, түшүнбөгөнү деле «сайрап» жатып калды деп белгиледи.

«Айрымдар элдин башын айлантып, таблицаларды өздөрү чийип алып, “Мына ушинтип добуштарды уурдашат” деп жатышат. Эгер кимдир бирөөнүн добуштары уурдалса кудай өзү жазасын берсин. Бирок азыр техниканын заманы. Добуштарды [азыр] уурдай албайсың», – деп белгиледи ал.

Тема боюнча: Ахматбек Келдибеков сурактан кийин шайлоонун жыйынтыгына ишенгенин айтты

Парламенттик шайлоо

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланды. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 300 жакын талапкер катышты.

Бирок автоматтык урнадагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгара баштагандан кийин БШКнын сайтында үзгүлтүк болуп, туура эмес сандар пайда болгон. Анда бир канча партиянын жана талапкерлердин добуштары эки эсе көп көрсөтүлүп, андан кийин жок болуп кеткен.

БШК муну формуладагы ката деп түшүндүрүп кечирим сураган. Ошол эле учурда Боршайком ката шайлоонун жыйынтыктары чагылдырылган сайттын башкы бетиндеги графикке гана тиешелүү болгон деп көшөрүүдө. Комиссиядагылар белгилешкендей, алгачкы маалыматтар серверде сакталат жана аларды алмаштырууга мүмкүн эмес.

Анткен менен шайлоодо жеңилген партиялар БШКга нааразычылыктарын билдиришти. Алар БШКнын сайындагы үзгүлтүктөн кийин кол санактын жыйынтыгына дагы күмөн санашууда.