Экс-министр Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти болуп мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев шайланды. Мындай чечим федерациянын 3-декабрдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Турганбаев бул кызматка талапкерлигин көрсөткөн жалгыз адам болду. Аны Күрөш федерациясынын мүчөлөрү бир добуштан колдоду. Турганбаев федерацияны 2024-жылга чейин башкарат.

Күрөш федерациясынын кезексиз отчеттук-шайлоо конференциясы. Сүрөт: Күрөш федерациясынын басма сөз кызматы

Турганбаев 2012-жылдан бери Күрөш федерациясынын вице-президенти кызматын аркалап келген жана эркин күрөштүн өнүгүшүнө жооптуу болгон. Ошондой эле, ал UWW-Asia күрөш кеңешинин Борбор Азия боюнча куратору.

Буга чейин Күрөш федерациясын жана Улуттук олимпиада комитетин жетектеген Шаршенбек Абдыкеримов өз арызынын негизинде отставкага кеткен. Ал арызында ден соолугуна байланыштуу иштен кетип жатканын белгилеген.

Мындан улам 25-ноябрга белгиленген олимпиадалык комитеттин башчысын шайлоо кийинкиге жылары айтылган. Анткени Абдыкеримов Күрөш федерациясынын дагы президенти болгондуктан анын ордуна башка жетекчи дайындалышы керек болчу. Себеби Улуттук олимпиадалык комитеттин башчысын федерациялардын президенттери шайлайт.

Улуттук олимпиадалык комитеттин басма сөз катчысы Айгерим Тургунбаева «Клоопко» Улуттук олимпиадалык комитеттин президентин шайлоо 23-декабрга белгиленгенин билдирди.

Мелис Турганбаев деген ким?

Мелис Турганбаев.

Милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев 59 жашта. Көп жылдар бою Ички иштер министрлигинде түрдүү кызматтарды аркалаган.

2008-жылы ички иштер министринин биринчи орун басары болгон. Ал эми 2015-жылы күз айларында ал тергөө изолятордон качып чыккандарды кармоо боюнча операцияны башкарган.

Турганбаев 2014-2016-жылдары ички иштер министри болуп иштеген. Ал эми 2019-жылы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон.

2018-жылы Македонияда өткөн ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган.

2016-жылы жай айларында «Клооп» Турганбаевдин Болгариядагы бизнесин тапкан. Ал бизнести ички иштер министринин биринчи орун басары болуп турган кезде каттаткан. Ал эми экс-министр өзү «Клооптун» кабарчысына курган маегинде «Болгарияда бизнеси жоктугун» билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгондо Мелис Турганбаевдин аты аталган. Ининды ИИМдин мурдагы башчысы Турганбаев менен жолукканын билгилүү болгон. Маалыматты Турганбаев өзү да журналисттерге тастыктаган.

Ал Инанды менен достук мамиледе экенин жана билим берүү системасы, бизнес тууралуу талкуу кылганын билдирген.

Мелис Турганбаев 2020-жылы 4-октябрда жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо «Замандаш» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо болсо Бишкектин Октябрь райондук бир мандаттуу округунан талапкерлигин койгон. Алдын ала жыйынтык боюнча, аталган округдан шайлоочулардын 47,54% добушуна ээ болуп депутат Дастан Бекешев алдыга чыкты. Ал эми Турганбаевге 19,09% шайлоочу добуш берген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Шаршенбек Абдыкеримов Олимпиадалык комитеттин президенттигинен кетти

Орхан Инанды жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолукканы белгилүү болду