Орхан Инанды жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолукканы белгилүү болду

Мелис Турганбаев / Орхан Инанды

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголоордун алдында ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев менен жолукканын билдирди. Аталган маалыматты Турганбаев өзү да журналисттерге тастыктады.

Токтакунованын айтымында, Инанды жана Турганбаев «Адриано» кофеканасында жолугушкан. Жактоочу алар бир саатка чукул убакыт сүйлөшкөнүн айтып, бирок эмне тууралуу сөз богону белгисиз деди.

«Орхан Инанды жана Мелис Турганбаев кофейняда 31-майда саат 20:30 чамаларында жолугушкан. Милиция Турганбаев менен байланышканы тууралуу менде маалымат жок — бул тергөөнүн сыры», — деди Токтакунова «24.kg» басылмасына.

Инанды менен жолугушкандан кийин Турганбаев өлкөдөн чыгып кетип, 7-июнда кайрадан Кыргызстанга учуп келген. Көп өтпөй ИИМдин мурдагы башчысы Инанды менен жолугушканын тастыктады. Анын айтымында, ал Инанды менен 20 жылдан бери тааныш жана ошол күнү алар билим берүү системасы тууралуу сүйлөшүшкөн.

«Биз достук мамиледебиз. Ал күнү биз билим берүү системасын талкууладык, менде бизнес ачуу боюнча идея бар болчу. Мен балам менен болгонмун. 30 мүнөттөй чай ичип, сүйлөшүп, кийин тарап кеттик. Мен ал менен буга чейин да жолугушуп жүргөнмүн, ал менин балдарымды “Сапат” мектебине жайгаштырууга жардам берген. Мен Грузия жана Украинага спорт жаатындагы маселелер менен бардым», — деди Турганбаев.

Орхан Инандынын жоголушу

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Мекеменин өкүлдөрү Инанды белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын кабарлаган.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Мындан улам 1-июндан тартып Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар өтүп жатат.

Мындан сырткары, 2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан. Алар Орхан Инандыны аман-эсен табууну жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоону талап кылышкан.

Инандынын жоголуусуна өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы үн катып, УКМК менен ИИМге дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал эми ИИМ «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ал арада Инандынын жубайы Рейхан Инанды ал Түркиянын элчилигинде кармалып жатат деген маалымат бар экенин билдирген. Бирок элчилик бул маалыматты төгүндөдү.

Ошондой эле ИИМ Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланганын кабарлады. Мындан сырткары милиция Түркиянын элчилигинде тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ТИМге кайрылуу жолдоду.