Садыр Жапаров 2020-жылы премьерлик кызматта дээрлик 250 миң сом киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2019 жана 2020-жылга карата кирешелери менен мүлкү тууралуу декларацияларын жарыялап баштады.

Садыр Жапаровдун декларациясына ылайык, 2020-жылдын үч айында ал 247 миң 953 сом киреше тапкан. Мында анын чыгымдары көрсөтүлгөн эмес. Жапаров 2020-жылдын 10-октябрында премьер-министрдин м.а. болуп дайындалган. Буга чейин ал абакта болчу, бирок 6-октябрга караган түнү нааразылык акцияларынан шартында жана тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгарылган.

14-октябрда ал премьер- министр болуп келген. Эртеси күнү, Сооронбай Жээнбеков өз каалоосу менен кызматтан кеткенден кийин өлкө башчынын милдетин аткара баштаган. Бирок президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда президенттин м.а. кызматын тапшырып, премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтотуп турууга аргасыз болгон.

Ал эми 21-январда, президенттик шайлоодон уткандан кийин премьер-министрлик ыйгарымдарын тапшырган.

Бирок премьер-министр, минкабдын мүчөлөрү жана өлкөнүн президенти так кесе канча айлык алары белгисиз. Бул «кызматтык колдонуу үчүн маалымат» болуп саналат.

Ошондой эле, Жапаровдун декларациясында айыл чарба багытындагы 6 гектар жери бар экени да көрсөтүлгөн.

Анын жакын туугандарынын аянты 50,7 жана 389 чарчы метр эки үйү, ошондой эле, 17,2 чарчы метр гаражы бар. Аянты 389 чарчы метрди түзгөн үйлөрдүн бирин Садыр Жапаров ушул жылдын сентябрында Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берген. Азыр ал аукционго коюлган. Мамлекеттик ипотекалык компания үй сатылгандан кийин түшкөн каражат «сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага алуу» механизми аркылуу «Менин үйүм 2021-2026» долбоорунун катышуучуларына даяр үй сатып алууга жумшалаарын айтышкан.

Садыр Жапаровдун аукционго коюлган үйү. Сүрөт: Президенттин администрациясы

Президенттин үй-бүлөсүнүн атына «Үмүт булагы» коомдук фонду да катталган, анын директору болуп аялы Айгүл Жапарова эсептелет.