10 млн $, Жапыкеевге каршы көрсөтмө. Мелис Аспеков сот отурумунда эмнелерди айтты?

25-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда активист Мелис Аспековдун акча опузалоо боюнча иши каралды. Аспеков сот отурумунда күнөөнү мойнуна алган жок.

Ал отурумга №1 тергөө абагынан онлайн форматта катышты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аспеков жана «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Улан Жураевди 9-январда «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр ишканын жетекчилигин «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркуткан.

Көп өтпөй Жураев тергөө менен кызматташууга барып, үй камагына чыгарылган. Ал эми 11-майда Биринчи май райондук соту Жураевди күнөөлүү деп табып, тергөө менен кызматташкандыгы үчүн 260 миң сомдук айып пул салды.

«Мен 100 пайызга күнөөсүзмүн»

Отурумдун башында эле Мелис Аспеков «100%га күнөөсүз» экенин билдирди. Ошондой эле ал УКМК анын кармалышы боюнча тараткан тасманы бурмаланган деп белгиледи. Тасмада атайын кызматтын кызматкерлери Аспековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн маалда активист суммасы белгисиз АКШ долларын алып чыккан. Сотто Аспеков аталган акчалар өзүнө таандык экенин билдирди.

«Мен 100 пайызга күнөөсүзмүн [...] Алар мени кармаган видеону таратышпады беле. Алар менин үйүмө келишкен, үйүмдө 3-5 миң доллар гана акча болчу — алар бул акчаны камерага эсептеп, мени кылмыш үстүндө кармагандай көрсөтүп жатышат. Алар 250 миң долларды бөлүп-бөлүп алып келген деп атышат, бирок ал чындык болсо эмне себептен мени кылмыш үстүндө кармашкан эмес? Алар үйгө келишкенде мен үйүмдөгү бир аз акча бар эле, “мына, эсептеп, иштин материалдарына тиркегиле” дедим. Бул акчалар белгиленген эмес да болчу», — деди Аспеков.

«Фейсбуктагы аккаунтумду ким колдонуп жатканын билбеймин»

Сот отурума катышкан журналисттер Аспековдон «Садыр Жапаров президенттик шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алган» деген посту тууралуу комментарий берүүсүн сурады. Аспеков бул боюнча маалыматы жок болгонун жана толугу менен изоляцияланганын билдирди.

*Аспеков өткөн жылдын ноябрь айында президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектей турганын айткан. Бирок Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Боршайкомго кайрылып, Аспеков штабга расмий жана юридикалык жактан дагы тиешеси жок экенин билдирген. Анткен менен Аспеков Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларына катышып турган.

Журналисттер кайрадан Аспековго Жапаровдун президенттик кампаниясына акчаны кимден алган деген суроону узатты. Бирок активист өзүнө каршы көрсөтмө берип албаш үчүн бул адвокат менен кеңешип туруп жооп берерин айтты.

«Бул окуя абдан кенен, мен өзүмө каршы көрсөтмө берип албашым үчүн [жактоочу] менен кеңешишим керек. Мага жактоочу жана бул жерде отургандар кандайдыр бир чабуул болуп жатканын айтышты, бирок эмне болуп жатканын билбеймин. Менин атымдан ким аракеттерди жасап жүргөнүн, фейсбукта менин аккаунтумду ким колдонуп жатканын жана бөлүшүп жүргөнүн да билбеймин», — деди Аспеков.

Аспековдун фейсбук баракчасында 14-майга караган түнү өлкө башчы Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбековдон жана депутат Асылбек Жээнбековдон шайлоо кампаниясына 10 млн доллар алганы тууралуу каты жарыяланган болчу. Бирок аталган пост кийинчерээк өчүрүлгөн.

Аспековдун атынан жазылган катта Жапаров Жээнбековдордон «пара алгандыктан» аларды камай албашы да белгиленген. Ошондой эле Аспековдун постунда штабда координатор болуп иштегендер активисттен акча алгандары тууралуу тил каттары да тиркелген.

Алар «штабдын ишмердүүлүгүнө» Аспековдон 500дөн 162 миң долларга чейин акча алганы тууралуу тил кат жазышкан. Жалпысынан координаторлор 545 600 доллар алынганын тастыкташкан.

*Temirov.liveдын журналисттери Мелис Аспековдон акча каражаттарын алган ишенимдүү өкүлдөрү чын эле Садыр Жапаровдун штабында иштегенин аныкташкан.

Президенттин мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтерек жана Жээнбековдордун жактоочусу Асылбек Кочкоров Аспековдун арызын «жалган» деп айтышкан. Ошондой эле Кочкоров Аспековду жалаа жапкандыгы үчүн сотко берүүнү көздөп жатканын билдирген.

Бир тууган Жээнбековдор 25-майда «ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо» жөнүндө арыз менен сотко кайрылышты. Алар Аспековдон 1 млн сом талап кылышууда.

«Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө алуу аракети»

Мелис Аспеков УКМКнын кызматкерлери андан Каржы полициянын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмөлөрдү» алууну көздөп жатышканын ырастады.

14-май күнү социалдык тармактарда Аспековдун УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганы туурасында маалымат жарыяланган. Анда да активисттин абакта жазган каты жарыяланып, Жапыкеевге каршы көрсөтмө алуу сабалганы айтылат. Кат менен кошо буттарынын көк-аласы бар сүрөттөрү жарыяланган.

«Мени кармагандан кийин бир нече күндөн кийин мага тергөө менен кызматташып, Сыймык Жапыкеевге каршы жалган көрсөтмө берүүнү сунушташты. Ошондо мени бошото турганын айтышты. Бирок мен баш тарттым, ошондуктан бул жерде отурамын [...] Алар мага “250 миң доллар алган делген 50 миңин Сймык Жапыкеевге бердим” деген көрсөтмөлөрдү алууну көздөп жатышат», — деди Аспеков.

Аспековдун айтымында, бул аракеттер кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровдун буйругу менен Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалган.

Буга чейин да айрым ЖМКларда «Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген» деген маалымат тараган. Бирок УКМК жана Аспековдун жактоочусу бул маалыматты төгүндөгөн. Ал эми Жапыкеев Аспеков менен «эч кандай мамилеси жок болгондугун» билдирген.

*Сыймык Жапыкеев өткөн жылдын октябрь айында, бийлик алмашкандан кийин Каржы полициянын төрагасы болуп дайындалган, бирок ведомство Садыр Жапаров президент болуп, жаңы өкмөт түлгөндөн кийин жоюлуп кеткен. Кийичнерээк ал Ысык-Көл облусунун прокурору кызматына келип, бирок бир ай өтпөй өз калоосу менен арыз жазган.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы Аспеков кыйноолорго кабылганын четке кагып, анын буттарындагы көк-алалар марттын башында, ал Биринчи май райондук сотуна бара жаткан учурда пайда болгонун билдиришти. Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, Аспеков «залал келтирүүнүн себебин айтуудан баш тартып», УКМКнын кызматкерлерине доосу жок экендигин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?