ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 9 адам Орусиядан кармалды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 8-декабрда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн тогуз адам Орусиядан кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар «Ири өлчөмдөгү алдамчылык», «Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу», «Майда бейбаштык» жана «Куралды же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен тоноого» айыпталып, издөөдө жүргөн.

ИИМден колго түшкөндөрдүн экөө аял киши, калгандары эркек экенин белгилешти.

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн тогуз адам. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.
  • Жалал-Абад облусунун тургуну, 34 жаштагы аял киши. «Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» айыпталып, 2018-жылдан бери Ноокен РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Жалал-Абад облусунун тургуну, 39 жаштагы аял киши. «Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» айыпталып, 2020-жылдан бери Биринчи май РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Жалал-Абад облусунун 56 жаштагы тургуну. «Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» айыпталып, 2019-жылдан бери Сузак РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Ош облусунун 33 жаштагы тургуну. «Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» айыпталып, 2019-жылдан бери Ош ШИИБт тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Ош облусунун 31 жаштагы тургуну. «Куралды же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен тоноого» айыпталып, 2021-жылдан бери Өзгөн РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Баткен облусунун 55 жаштагы тургуну. «Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» айыпталып, 2016-жылдан бери Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Нарын облусунун 38 жаштагы тургуну. «Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга» айыпталып, 2021-жылдан бери Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 49 жаштагы тургуну. «Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» айыпталып, 2021-жылдан бери Тоң РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Чүй районунун 39 жаштагы тургуну. «Майда бейбаштыкка» айыпталып, 2021-жылдан бери Токмок ШИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.

ИИМден кармалган жарандар Орусиянын тергөө абактарына киргизилип, учурда экстрадициялоо маселеси каралып жатканын кошумчалашты.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү эл аралык издөөдөгү беш адамды кармаган. Анын негизинде Талас, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облусунда туулган жарандар колго түшкөн. Алардын экөө алдамчылык, дагы экөө бейбаштык, бирөө зордуктоо боюнча айыпталып, издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Тема боюнча:

Эл аралык издөөдө жүргөн беш кыргызстандык Орусиядан кармалды

Нарында эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды