Айсулуу Тыныбекова эки күндүк сапары менен Баткен облусуна барат

Айсулуу Тыныбекова

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпиону балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 11-декабрда Баткен облусуна барат. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова облуста эки күн болот. Бул күндөрү ал апрелдеги куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткендин Ак-Сай жана Лейлектин Максат айылдарынын тургундары жана мектеп окуучулары менен жолугат.

Ошондой эле балбан кыз жаш балбандарга мастер класс өтөт. Андан соң Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен жолугуп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат.

Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова октябрь айында Норвегияда өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында атааңдашып таза жеңип, чемпиондук титулун коргогон.

Августта Тыныбекова Токио-2020 Олипиадасында эркин күрөш боюнча күмүш медалды багындырган. Муну менен ал — эгемен Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен алгачкы балбан кыз аталган.

Ошондой эле спортчу Азиянын эркин күрөш боюнча төрт жолку чемпиону.

Ал United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башында турат. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жеңиш жана жеңилүү, ишеним жана күмөн саноо. Айсулуу Тыныбекова Бирдиктүү күрөш дүйнөсүнө маек курду