Чаң жана адам өмүрүн алган жол кырсыктары: Жумгалдыктар кайрадан жол тосушту

Нарын облусунун Жумгал районунун Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин — Баш-Кууганды участкасын тоскон тургундары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолуккандан кийин таратылды. Нарын облустук милициясынан «аймакта саясий кырдаал туруктуу» деп билдиришти.

Эмне болду?

Кече Жумгал районунун Баш-Кууганды айылына караштуу Кашка-Кыя участкасында жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Чогулгандар аймактагы жол төрт жылдан бери оңдолбой жатканына нааразы болуп, мунун айынан жол кырсыктары катталып жатканын белгилешкен.

«Жолду оңдогон эки кытай келип, жолдун чакырымын эсептеп кетишиптир. Болду андан бери эч нерсе кылышкан жок. Көмүрдү эл үшүбөсүн деп ташып атышат да. А чаңдын азабынан жалаң жаш балдар кайтыш болуп атат. Ушундай өлүм боло береби? Жолго суу сээп бүтүрүшсө жакшы болмок», — деп нааразы болгон тургундардын бири Айнура Мейманалиева.

Жумгалдыктар боз үй тигип, Арал — Кочкор автожолун тосуп, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин — Беш-Кууганды участкасындагы курулуш иштерин тез арада аягына чыгарууну, ошондой эле тейлөө иштерин өз деңгээлинде жүргүзүп, өз учурунда суу сээп турууну талап кылышкан.

«Администрация азыр милдеттеме алып жатат да. Эмне үчүн буга чейин кылышкан эмес? Садыр Нургожоевич эмне үчүн жолду карабайт? Элдин үнүн угуп койбойбу. Кытайлык фирма октябрдан бери жолго милдеттеме алган. Ошондон бери эч нерсе кылган жок. Булар акчаны жеп жок кылып жатышат. Туурабы?» — деп суроо салды жол кырсыгында тууганынан айрылган тургундардын бири.

Ал эми «Акипресс» басылмасы жарыялаган видеодон жол тосулган күнү 10догон жүк ташуучу унаадан тыгын жаралганы байкалат. Алар Кара-Кече кенинен көмүр ташыгандар. Ошондой эле тасмадан жүк ташуучу унаалар катары менен жүргөндө жол чаңып, дээрлик эч нерсе көрүнбөй каларын көрүүгө болот.

10-декабрда аталаган аймакта Байзак айылынан Бишкекти көздөй бара жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жүк ташуучу унааны сүзгөн. Автоунаадагы үч адам кырсыктан көп өтпөй каза тапкан. Ал эми эки жүргүнчү оор абалда Бишкектеги ооруканага жеткирилген.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы жол тоскон тургундар менен Жумгал РИИБнин башчысы Улан Коноев жана райондук администрациянын аппарат жетекчиси Мирбек Тентиев жолугуп, талаптарын укканын билдирди.

Маалыматка ылайык, China Railway компаниясы жолду толугу менен тейлөөнү жана жолго суу сээп, түртүрүп турууну үзгүлтүксуз колго аларын убадалаган.

Ал эми алардын жолду тейлөө боюнча ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алууну Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы өз мойнуна алган. Ошондон кийин жергиликтүү жарандар тарап кетишкен.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы «Клоопко» акция өткөн күнү эч кандай мыйзам бузуу катталбаганын билдиришти. Ошондой эле тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.

Жумгалдыктарды түйшөлткөн 70 чакырым жол

Баш-Куугандыдан Эпкин айылына чейинки 70 км жол Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун бир бөлүгү. Анын курулушу үч жылдан бери бүтпөй келет. Район эле буга чейин бир нече ирет жол тосуп да көрүшкөн.

Эпкин жана Баш-Кууганды участогунун 89,5 – 159,2 чакырымын оңдоо үчүн 2018-жылы Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан тендер өткөрүлүп, жолдун курулушун 40 млн 750 миң долларга баалаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Аталган компания менен келишим ошол жылы эле 7-сентябрда түзүлгөн. Жол үч жылда пайдаланууга берилет деп макулдашылган.

Бирок кыргыз өкмөтү италиялык компанияны коррупцияга шектегендиктен жолдун курулуш иштери алты-жети айдан кийин эле токтоп калган. Todini Costruzioni Generali Company компаниясы иштин 9,5 %ын аткарган. Аталган иштер төрт миллион долларга бааланган, бирок каражат компаниянын эсебине которулган эмес.

2018-жылдын декабрь айында транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунунун бир бөлүгү болгон Эпкин — Дыйкан жолунун курулушу боюнча тендерде жеңишти камсыздап берүүнү 520 миң долларга баалап, кармалганга чейин 120 миң доллар алган.

2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Азимкан Жусубалиевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Соттолгондон 3 ай өтпөй Биринчи май райондук соту Жусубалиевдин ишин кайрадан карап, жаза мөөнөттүн эки жылга кыскарткан.

Ал эми ошол кездеги транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов арыз жазып, отставкага кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Эпкин — Баш-Кууганды тилкесин салуу боюнча тендерди кытайлык China Railway компаниясы утуп алганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирген. Жол Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыяга курулуп жатат. Курулуш иштери октябрь айында башталмак.

Тема боюнча: «Жол көйгөйү — айтылып бүткүс дастан». Жумгалдыктарды түйшөлткөн 70 чакырым жол