Бийликти басып алууга айыпталгандардын туугандары бейтарап иликтөөнү талап кылышты

Бийликти басып алууга айыпталып жаткандардын туугандары

14-декабрда бийликти басып алууга айыпталгандардын жакындары кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу козголгон кылмыш ишин токтотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Бул тууралуу алар басма сөз жыйында билдиришти.

Сөз парламенттик шайлоонун алдында бийликти басып алууга шектелип кармалган 15 киши тууралуу болуп жатат. Кармалгандардын арасынды «Эл Ынтымагы» кыймылынын жана «Кыргызстан жашылдар» партиясынын мүчөлөрү, ошондой эле Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Жетигенов бар. Алар алдын ала сүйлөшүп алып, «саясий күчтөрдүн колдоосу менен Бишкекте массалык нааразычылык акцияларын өткөрүүнү пландап жатышканы» маалымдалган.

Кармалгандардын жакындары алардын өлкө башчыга карата жаман ойлору болгон эмес деп билдиришти.

Жактоочу Бактыбек Жумашев президентке кайрылып, бийликти басып алууга шектүүлөр кармалгандан бери эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлбөгөнүн айтты. Ал укук коргоо орган кызматкерлери алар жоопко тартылышы керек болгондуктан кармалгандарга баңгизат «таштап» коюшкан деп дагы эсептейт.

Кармалгандардын бирининин, «Кыргызстан жашылдар» партиясынын талапкери Бекназар Купешевдин жубайы Бегаим Ормокеева президент Садыр Жапровдон бул ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранды.

«Жолдошума маңзатты атайын салып коюшкан, тинтүү мыйзамсыз өткөрүлүп, эч кандай курал жарак табылган эмес. Айыптар негизсиз, укуктарыбыз тебеленди. Жолдошумдун кант диабети бар, эч качан баңгизат колдонгон эмес, кылмышкер жана наркоман кылып көрсөтүп жатышат. Алар таап алышкандар — биздики эмес. Адамдарды эч кандай негизсиз камоого болбойт», — деп билдирди ал.

Ал арада кармалгандардын дагы бири Азамат Мусакеевдин атасы Аскарбек мергенчи экенин билдирип, уулунан табылган карабин ага таандык экенин айтты. Ошондой эле, ал курал-жаракка делген уруксат документтерин көрсөткөнү менен ага кулак салбай коюшканын белгиледи.

Тема боюнча:

УКМК: Бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун 15тен ашык мүчөсү кармалды

Бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын арасында талапкер Купешов да бар