Нарын: Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

23-декабрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгында бир адам каза болуп, дагы бири жабыркаганы тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсыкка учуруган Skoda Octavia унаасынын айдоочусу Кубакы ашуусунда рулду башкара албай, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн.

Жерине барган ӨКБнүн төрт куткаруучусу маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген. Учурда жабыркаган адамдын жана макумдун аты-жөнү такталууда.

Буга чейин, 17-декабрда Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 14 жаштагы эки өспүрүм каза болгон.

ӨКМнин маалыматына ылайык, «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзгөн. Анын кесепетинен эки өспүрүм оор жаракат алып, тез жардам унаасында кайтыш болушкан.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Тез жардам бригадасы жол кырсыгына кабылды. Врач оор жаракат алды

Бишкекте үч унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар