Сумаянын өлүмүнө шектелген киши психиатриялык экспертизадан өтүү үчүн ооруканага жаткырылды

Шектүү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелген киши соттук-психиатриялык экспертизадан өтүү үчүн ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 24-декабрда «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Басма сөз катчы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн апасы жана жактоочусу ал «мурда жин ооруусу менен ооруганын» айтышкан.

«Коргоп калалы деп апасы менен жактоочусу “бул деген оорукчан да, мурда ооруган, ар нерсени сүйлөй берет. Сөзүнө ишенбегиле, ошону далилдегиле” деп айтып жатышат», — дейт басма сөз катчы.

Мындан улам шектүүгө экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү максатында ал Таш-Көмүр шаарындагы Республикалык психиатриялык ооруканага жеткирилген.

Бирок Жээнтаев шектүү күнөөнү өзү мойнуна алып, окуяны айтып бергенин, анын үйүндө кароо жүргүзгөндө кылмыштын белгилери табылганын баса белгиледи.

24-декабрга караган түнү бир нече ЖМКлар «шектүү коё берилди» деп жазышкан. Жалал-Абад ОИИБден «Клоопко» аталган маалымат туура эмес экенин, шектүү экспертизадан милициянын көзөмөлү менен өтөөрүн айтышты.

48 жаштагы киши Сумаяны өлтүрүүгө шектелип бир күн мурда кармалган. Милициядан, шектүү тергөөдө күнөөсүн мойнуна алып, окуянын чоо-жайын айтып бергенин билдиришкен.

Шектүүнүн көрсөтмөсү боюнча ал Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткен. Андан соң колу-бутун скотч менен байлап, үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөсүндө кармаган.

Кыз муздап каза болуп калгандан кийин мүшөккө салып, дарыянын жээгине ыргытып салган. Андан соң кийим-кечектерин толугу менен өрттөп жиберген.

Милиция шектүүнүн үй-бүлөсү аны он жыл мурда таштап кеткендиктен, ал үйүндө жалгыз жашап жүргөнүн белгилеген.

ИИМден учурда дагы да тергөө амалдары жүрүп жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин айтышкан. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Сумаянын дайынсыз жоголушу

Сумая Хосилжанова

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында үйүнөн мектепке чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Кыз ошол күнү окууга барган эмес.

Аны Сузак РИИБдин кызматкерлеринен сырткары 100дөн ашуун айыл тургуну, айылдарды, талааларды, кароосуз калган имараттарды аралап издешкен.

Жыйынтык чыкпаганынан кыздын атасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылып, кызын табууга көмөктөшүүнү суранган. Ошондой эле кыргызстандыктардан кызды өздөрү жашаган аймактан издеп коюуну өтүнгөн болчу.

Бирок дээрлик он күндөн кийин, 27-ноябрда, Сумаянын сөөгү кийимдери жок абалда Сузак районунун Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган.

Анда милиция «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүнү издеп баштаган.

Тема боюнча:

«Жер төлөөдө кармаган». Сумаяны өлүмүнө шектелип 48 жаштагы киши кармалды

Сузак: Милиция 9 жашар Сумаянын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Сузак: Дайынсыз жоголгон 9 жашар Сумаянын сөөгү сайдан табылды

Сузак: 9 жашар Сумая төрт күн мурда мектепке кеткен боюнча дайынсыз болууда