УКМК кызматкерлери Калмаматовдун эжесинин бутун унаа менен тебелеп кетишти

УКМК кызматкерлери саясатчы Бактыбек Калмаматовду Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун имаратынан алып кетип бара жатканда эжесинин бутун унаа менен тебелеп кетишти. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Айым Камчыбекова 24.kg басылмасына курган маегинде билдирди.

Видеодо Калмаматовдун тарапташтары саясатчыны алып кетип бара жаткан УКМКнын унаасынын алдын тосуп жатышканын көрүүгө болот. Ал эми унаа токтобостон, топту жиреп өткөн.

Андан соң тасмадан унааны тороп жаткан аялардын бири жерге кулап, кыйкырганын дагы көрүүгө болот. Ал эми бир нече адам унааны кол менен ургулашкан.

Камчыбекова Калмаматовдун эжесин тез жардам унаасы алып кеткенин кошумчалады.

«Окуя болгондон бир саат өттү, бирок унаанын тебелетип өткөнүн каттоо үчүн дагы эле жерине ыкчам-тергөө тобу келе элек. Оң бутун тебелетип кетишкен. Көп кан жоготуп, тез жардам унаасы алып кетти», — деди ал.

Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизди. Калмаматов «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга» шектеп кармалган.

Ал эми экс-депутат сот отурумга кирип келе жатып «бийлик ага кысым көрсөтүп жатканын» белгилеп, «баардыгыңар ачкачылык жарыялап, мөөнөтсүз митиндерди баштагыла» деп айтты.

Бактыбек Калмаматовдун кармалышы

Бактыбек Калмаматов.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү ал сегиз сааттан ашуун суракка алынып, атайын кызматтын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.

Калмаматовдун адвокаты Айым Камчыбекова «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» шектелип жатканын айтып, муну «саясий куугунтук» деп сыпаттаган.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин бары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашуу, козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деген ал.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.

Тема боюнча:

«Хан адилеттүүлүктөн тайды». Саясатчы Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалды