Лейлек: Тажикстандан кездеме жана курма алып өтүүгө аракет кылган эки айдоочу кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз аткез жүк алып өтүүгө аракеттенген эки жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 21-декабрда билдирди.

Чек ара кезмети мыйзамсыз жүк ташыган биринчи унааны 20-декабрда Лейлектин Эски-Оочу айылында аныктаган. Анда чек арачылар «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракеттенген, бирок 39 жаштагы айдоочу талаптарга баш ийбей качып кеткен.

Көп өтпөй аталган унаа Жаңы-Жер жана Максат айылдарынын аймагындагы жолдордо башка чек ара кезмети тарабынан кармалган. Текшерүү учурунда айдоочу эч кандай уруксат кагазы жок 116 рулон кездемени алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Анын эртеси күнү, 21-декабрда, чек арачылар Лейлектин Исхак Раззаков айылында дагы «Мерседес Бенц Спринтер» унаасын кармашкан. 29 жаштагы айдоочу Тажикстандан Кыргызстанга үч тонна курма алып өтүүгө аракет кылган. Мекемеден анда жүккө тиешелүү эч кандай документтери жок болгон деп белгилешти.

«Кармалган айдоочуларга жана жүктөргө тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп билдиришти УКМКнын Чек ара кызматынан.

21-майдан тартып Кыргызстан Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Ошондогу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маадымдаган.

Чек ара жабылган соң жергиликтүүлөр элдик кошуундарды түзүп, эки өлкөнүн ортосунда аткез жүк ташыгандарды кармоону колго алышкан. Андан бери аткез жүк ташууга аракет жасаган ондогон айдоочу кармалды.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Баткен: 40 тонна күйүүчү майды Тажикстанга ташууга аракеттенген айдоочулар кармалды

«Силерде намыс жок». Тажикстандан аткез жүк алып өткөндөрдү жергиликтүүлөр уяткарышты

Баткен: Аткезчилик жүк ташыган унаалардын айдоочулары кармалды

«Дөңгөлөктөрүнө ок атылды». Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташып бараткандар кармалды

Баткенде аткезчилик жүк ташыган унааны токтотуу үчүн абага ок чыгарылды

Лейлекте 8 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды