Акаев депутат болот. Жогорку сот БШКнын квота боюнча чечимин жокко чыгарды

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттык мандаты үчүн тартыш «Альянс» партиясынан талапкер Жанар Акаевдин пайдасына чечилди. Бул Жогорку соттун 28-декабрда чыгарган чечиминен белгилүү болду.

Басма сөз кызматтан «Клоопко» билдиришкендей, Жогорку сот Бишкектин Административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын «30%дык гендердик квота» боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизген чечимин 21-декабрда жокко чыгарган.

Аталган квотага ылайык, Токтобүбү Оргалча депутат болгону калган. Бирок Акаев бул чечимге макул болбой, сотко кайрылган.

БШКнын талкуу жараткан чечими

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрдагы отурумунда «добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизген.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде парламентке өткөн партия 7 мандатка ээ болсо, анын үчөө аял талапкерлерге берилет. Буга чейинки жободо 7 мандат алган партияда эки талапкер аял болушу керек деп көрсөтүлгөн эле.

Акаев шайлоонун жыйынтыгында партиялаштарынын ичинен 7-орунду алып, мандат алары күтүлгөн. Бирок анын ордуна жаңы «гендердик квота» менен мандат Токтобүбү Оргалчага өткөрүлгөн.

Боршайкомдун отурумунда аталган өзгөртүүлөр жобону шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн кабыл алынганы айтылган. Ага ылайык, парламентке өткөн партияларда 30% гендердик квота сакталышы керек.

Ал эми Жанар Акаев «Боршайком адилетсиз буйрукту аткарды» деп билдирген. Талапкер БШКнын жетекчилиги «токтомду өзгөртүү үчүн комиссия мүчөлөрүнө басым жасады» деген пикирин айткан.

Президенттин «аяшы»

Жанар Акаев мандат албай турганы белгилүү болгондон кийин Оргалча президент Садыр Жапаровдун аялы Айгүл Жапарованын «курбусу» делген маалымат тарап баштаган. Анткени Оргалчага таандык «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары 2020-жылдагы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган.

Ал эми 2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршруткалар иш таштаган учурда Айгүл Жапаровага таандык «Үмүт булагы» коомдук фонду 20 автобусту жалдап, шаардыктарды бекер ташыган. Аталган автобустар «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясына таандык болуп чыккан.

Анткен менен «Шыдыр Жол Кей Джинин» өкүлү Нургазы Балтабаев алар автобустар үчүн ижара акысын алышпаганын, «Үмүт булагы» болгону 60 литрден күйүүчү май куюп бергенин билдирген.

Kaktus.media басылмасы компания Бишкек мэриясына автопарктын аймагын колдонгону үчүн 1 млн сомдон ашуун карызы бар экенин белгилеген. Мындан сырткары «Шыдыр Жол Кей Джи» бир нече каттамдар боюнча автобустарды жүргүзүүнү каалап, шаардык бийлик менен талаш-тартышта жүргөнү айтылган.

Ал эми парламенттик шайлоонун алдындагы дебаттарда «Ата Мекен» партиясынын талапкери Али Токтакунов да Оргалчаны президент Садыр Жапаровдун «аяшы» деп атаган.

Бул билдирүүлөргө алгач президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев реакция кылып, Айгүл Жапарова Токтобүбү Оргалча менен «эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес» деп билдирген. Оргалча «президент жана биринчи айымды бир жолу да көрбөгөнүн», ошол эле учурда өлкө башчынын саясатын колдой турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров болсо БШКнын ишине кийлигишпегенин баса белгилеп, Жанар Акаевди «мени өзүңдөй ойлобо» деп айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жанар Акаевге мандат берилиши мүмкүн, сот «Альянстын» арызын канааттандырды

Жанар Акаев: Адилетсиз буйрукту аткарган БШК, силердин уятыңарда болсун

Токтобүбү Оргалча: Айгүл Жапарованы көргөн эмесмин, бирок президенттин саясатын колдоймун

«Ичиң толо арам». Президент Жанар Акаев менен Оргалча тууралуу үн катты