«Манас» аэропортунан Назарбаевдин күйөө баласынын учагы Бишкекке конду деген маалыматты төгүндөштү

Бишкекти көздөй учуп келе жатат делген Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйө баласынан жеке учагы башка багытта учуп баратканы белгилүү болду. Бул тууралуу Factcheck.kz басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, «Кулибаевдин» учагы учурда Балхаш аймагында.

«Кулибаевдики» делген учак. Сүрөт: Factcheck.kz

Бишкекке Казакстандан жеке учак келип конгону тууралуу маалыматты Кыргызстандагы «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы дагы төгүндөдү.

«“Манас” аэропортуна Казакстандан жеке учак ​​келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кечээтен бери Казакстандан Бишкекке учак кондуруу тууралуу өтүнүч же кайрылуу болгон эмес», — деп билдирди аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова.

Аэропорттун басма сөз кызматы бүгүн Алматыдан Ош — Алматы багытында чартердик рейс жасоочу «Тез Жет» авиакомпаниясынын бош учагы гана келип конгонун кошумчалады.

Ошондой эле, учурда «Манас» аэропортунан «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Алматы — Бишкек — Алматы кадимки каттамы токтотулганын белгилешти.

Айрым ЖМКлар Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара жана анын жолдошу Тимур Кулибаев жеке учак менен Кыргызстанга учканын жазып чыгышкан. Учактын ичинде Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү дагы бар болушу мүмкүн экени айтылган.

Буга чейин, митингчилер Алматы аэропортун басып алышкан. Ошондой эле, Актау шаарындагы аэропорт дагы иштебей жатканы кабарланган.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы «Нурсултан Назарбаев» аэропорту дагы каттамдарын токтоткон. Буга шаарда өзгөчө абал киргизилгени себеп болгон.

Казакстандагы митинг

Казакстандагы митинг.

2-3-январь күндөрү Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында газдын кымбатташына каршы нааразычылык акциялары башталган. Митингге миңдеген киши чогулган. Алар газдын баасын төмөндөтүүнү жана акимдерди шайлоо жолу менен кызматка дайындоону талап кылышкан.

Ал эми 4-январда нааразылык акция Нур-Султан (Астана), Алматы, Чымкент, Караганды, Атырау, Актөбө жана башка шаарларында өттү. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылууда. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылды.

Ал арада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жолдоп, калкты сабырдуулукка чакырды. Казак басылмаларында жарыяланган президенттин видео кайрылуусунда «бийлик кулабайт» деп ишендирген.

Муну менен бирге Токаев газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу нааразылык толкунуна жол берилгени үчүн күнөө өкмөткө, энергетика министрлигине, анын ичинде «КазМунайГаз» жана «Казакгаз» компанияларына жүктөлөрүн кошумчалаган.

5-январга караган түнү Алматыда нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары жана полиция кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулган. Мындан сырткары, демонстранттар бир нече полициянын унааларын өрттөп жиберишкен.

Ошол эле күнү митингчилер Алматы шаардык администрациясынын имаратын басып алышкан. Ал эми казакстандык ЖМКлар Алматыдагы президенттин резиденциясында өрт чыкканын кабарлашкан.

Мындан улам Токаев Алматы шаарында, Мангыстау облусунда, кийинчерээк борбор калаа Нур-Султан жана Алматы облусунда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген.