Казакстан: Митингчилер Алматы аэропортун басып алышты

Алматыдагы аэропорт. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Казакстанда митингчилер Алматы аэропортун басып алышты. Учурда аба майдандын кызматкерлери эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу Orda.kz басылмасына Алматы эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады.

«Алар аэропортко жетип келишти. Алдын ала маалымат боюнча, учурда аэропортто 45ке чукул баскынчы бар. Алар басып киргенде аэропорттун кызматкерлери чыгып кетишти. Басып алуу учурунда терминалда жүргүнчүлөр жок болчу, аларды алдын ала эвакуациялаганбыз. 11-дарбазадан чыгардык. Дал ошол учурда учак келип калды», — деп жазылат билдирүүдө.

Андан сырткары, аэропорттун басма сөз кызматы Orda.kz басылмасынын журналистине аба майдандын аймагында «аскерлер жок экенин», алар кайсы убакта чыгып кеткенин да билбей калышканын билдирген.

«Аэропорттун кызматкерлери өз күчү менен жүргүнчүлөрдү эвакуациялады», — деп билдиришти аэропорттон.

Буга чейин Актау шаарындагы аэропорт дагы иштебей жатканы кабарланган.

Андан соң Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы «Нурсултан Назарбаев» аэропорту дагы каттамдарын токтоткон. Буга шаарда өзгөчө абал киргизилгени себеп болгон.

Ошондой эле, Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы саат 20:55те Казакстандагы митингден улам Москва — Алматы каттамын токтоткон.

Казакстандагы митинг

Уралдагы митинг, Батыш-Казакстан облусу. 4-январь, 2022-жыл. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

2-3-январь күндөрү Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында газдын кымбатташына каршы нааразычылык акциялары башталган. Митингге миңдеген киши чогулган. Алар газдын баасын төмөндөтүүнү жана акимдерди шайлоо жолу менен кызматка дайындоону талап кылышкан.

Ал эми 4-январда нааразылык акция Нур-Султан (Астана), Алматы, Чымкент, Караганды, Атырау, Актөбө жана башка шаарларында өттү. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылууда. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылды.

Ал арада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жолдоп, калкты сабырдуулукка чакырды. Казак басылмаларында жарыяланган президенттин видео кайрылуусунда «бийлик кулабайт» деп ишендирген.

Муну менен бирге Токаев газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу нааразылык толкунуна жол берилгени үчүн күнөө өкмөткө, энергетика министрлигине, анын ичинде «КазМунайГаз» жана «Казакгаз» компанияларына жүктөлөрүн кошумчалаган.

5-январга караган түнү Алматыда нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары жана полиция кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулган. Мындан сырткары, демонстранттар бир нече полициянын унааларын өрттөп жиберишкен.

Ошол эле күнү митингчилер Алматы шаардык администрациясынын имаратын басып алышкан. Ал эми казакстандык ЖМКлар Алматыдагы президенттин резиденциясында өрт чыкканын кабарлашкан.

Мындан улам Токаев Алматы шаарында, Мангыстау облусунда, кийинчерээк борбор калаа Нур-Султан жана Алматы облусунда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген.

Тема боюнча:

Алматы: 500дөн ашуу жаран сабалды, 120дай унаа өрттөлдү

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан алынды