Тизме: Бир мандаттуу округдардан кайра шайлоого 16 киши катышуу ниетин билдирди

Шайлообек Атазов / Рыскелди Момбеков / Элвира Сурабалдиева

Материал 16:51де жаңыртылды

27-февралда Бишкектин эки округунда өтүүчү кайра шайлоого катышуу үчүн 16 талапкер БШКга билдирме таштады. Кайра шайлоо №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында өтөт. Буга аталган округдарда өткөн жылдын 28-ноябрында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыкканы себеп болгон.

№27 Биринчи май округу

  • Элвира Сурабалдиева — экс-депутат жана мурдагы вице-премьер-министр;
  • Шадыкан Жакыпбеков«Кыргыз Элдик Революциялык Комитети» коомдук фондунун жана «Интеллект-ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү;
  • Нурбек Токтакунов — адвокат, ал 28-ноябрда өткөн шайлоодо да ушул округда талапкерлигин көрсөткөн;
  • Анвар Сартаев — аскерий укук коргоочу;
  • Рысбай Аматов — «Ишеним» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Русланбек Акылбеков — Бишкектин мурдагы вице-мэри;
  • Адылбек Гапаров — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын экс-аппарат башчысы Абдикарим Гапаровдун уулу;
  • Рыскелди Момбеков — экс-депутат. Момбеков 28-ноябрда өткөн шайлоодо «Социал-демократтардын» катарында болгон, бирок партия парламентке өтпөй калган. Ал эми шайлоого чейин Боршайком Момбековдун каттоосун жокко чыгарган болчу, анткени талапкердин жогорку билимин тастыктаган «биринчи диплому жасалма, экинчи диплому мыйзамсыз алынганы» аныкталган. Бирок сот бул чечимди жокко чыгарган.

№29 Свердлов округу

  • Гуля Алмамбетова — Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси болгон, калаа башчынын ыйгарым укуктары Балбак Түлөбаевге өткөндөн кийин Алмамбетова кызматынан кеткен;
  • Жаныбек Асанбеков — «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Назгүл Жолдошова — Жаштар парламентинин жетекчиси;
  • Жусубалы Керимбаев — ачык булактарда маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
  • Эдил Бейшенбаев — президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин аймактын өкүлү;
  • Муратбек Султанбеков — психотерапия жана психоанализ борборунун директору;
  • Шайлообек Атазов — экс-депутат жана Кыргызстандын түштүгүндө таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тарапташы. Атазов өткөн шайлоодо №8 Төлөйкөн округунан катышкан, бирок округда Нурбек Алимбеков көп добуш алып алдыга чыккан;
  • Ирина Карамушкина — экс-депутат, ал 28-ноябрда өткөн шайлоодо «Социал-демократтардын» катарында болгон. Бирок партия парламентке өтпөй калган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жетинчи чакырылышка кимдер келет?