Матраимовдун тарапташы Элнура Алканова Свердлов округунан талапкерлигин көрсөттү

Мурда журналист болуп иштеген Элнура Алканова Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. Алканова №29 Сверлов шайлоо округунан талапкерлигин көрсөттү.

Элнура Алканова

Ушуну менен № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу нийетин билдирген жарандардын саны 19 кишиге жетти.

2020-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоодо Парламентке 36 бир мандаттуу округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келген. Ал эми Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыккан. Мындан улам 2022-жылдын 27-февралына кайра шайлоо дайындалган.

Элнура Алканова

Элнура Алканова 2020-жылы 4-октябрда өткөн жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын катарында барган. Аталган партияны коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдорго байланыштырып келишет.

Алканова Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кайрымдуулук фонддун ишин жигердүү чагылдырып, ал эми иликтөөчү журналист Али Токтакуновду фейк документтерди колдонду, маалыматты манипуляциялады деп айыптаган.

Алканова — «Клооп» жана «Азаттыктын» мурдагы журналисти, «Фергана», OCCRP жана «Бешинчи канал» менен кызматташкан. Бир убактарда Алканова өзү «Азатттык» үчүн Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөө даярдаган.

Бирок 2019-жылдан тартып «Азаттыктын» Матраимовдун Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетүүгө катыштыгы бар экени тууралуу иликтөөлөрүнө контриликтөө жасай баштаган.

2020-жылы Элнура Алканова Матраимовдордун фонду менен кызматташып жатканын, фондго коронавирусту аныктоочу тест сатып алууга көмөктөшүп жүргөнүн мойнуна алган. Көп өтпөй «Мекеним Кыргызстандан» Жогорку Кеңешке талапкер болуп катталган.

Андан соң иликтөөчү-журналист Болот Темиров Алканова баасы асман чапчыган кыймылсыз мүлккө ээ экенин аныктап, мындай сатып алууну Матраимовдор менен кызматташып жатканына байланыштырган. Бирок Алканова кыймылсыз мүлк экс-бажычынын жардамы менен алынганын четке каккан.

Анын айтымында, Бишкектеги кеңсесин атасы алып берген, батирлеринин бирин насыяга алган, ал эми экинчисин журналисттик иликтөө үчүн алган премиясына сатып алган. Анын айтымында, премиянын алгачкы траншы 125 миң долларды түзгөн.

Андан тышкары, коррупцияга аралашканын мойнунак алган Райымбек Матраимовдун иши сотто каралып жаткан учурда Алканова Матраимовду коргоп чыккан. Ал тургай аны актоону талап кылган митингдерди уюштурган.