УКМК Рузахунов бошотулганын билдирди, туугандары аны тосуп алуу үчүн чек арага жөнөп кетишти

Викрам Рузахунов

УКМК 10-январда «Клоопко» Казакстанда башаламандыктарга катышууга шектелип кармалган кыргызстандык джаз-музыкант, пианист Викрам Рузахунов бошотулганын билдирди. Рузахуновдун жакындары маалыматты «Кактус» басылмасына тастыкташты.

Басылма жазгандай, жакындары музыкантты тосуп алуу үчүн кыргыз-казак чек арасына жөнөп кетишти.

Буга чейин Кыргызстандын коңшу өлкөдөгү элчиси Дастан Дүйшекеев Рузахунов кайда кармалганы белгилүү болгонун маалымдаган. Ошондой эле ага юридикалык жардам көрсөтүлүп жатканын айткан.

«Рузахуновдун кайсы жерге кармалып турганы бүгүн эртең менен гана белгилүү болду. Түнү бою Тышкы иштер министрлиги, элчиликтин кызматкерлери иштерди жүргүздүк. Жыйынтыгында, анын Карасай районундагы милиция бөлүмчөсүндө кармалып турганы аныкталды. Эртең менен консулдуктун өкүлдөрү ал жерге барып, биздин жаранга жардам көрсөтүп жатышат», — деген Дүйшекеев.

Рузахуновдун кармалышы

9-январда Казакстандык ЖМКларда «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан келген» делген кыргыз жарандын катышуусу менен тасма жарыяланган.

Анда кармалган киши аны менен «бейтааныш адамдар байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

«Мен Кыргызстанда жумушсуз болгонум үчүн макул болдум. Алар мага билет алып беришти, 2-январда Алматыга учуп келдим. Мени батирге алып келишти — ал жерде Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар болчу, бирок алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын түшүнгөн жокмун. Митинг башталганда мен коркуп, батирге кайткам, анын эртеси күнү мени кармап кетишти», — деген ал.

Ал эми соцтармактардын колдонуучулары жана анын жакындары аталган киши кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов болгонун айтып чыгышкан.

Бирок Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалган кишинин аты «Закир Убуров» деп ишендирүүгө аракет кылышкан. Кийин Алматыда иштеп жүргөн Закир Юбуров аттуу кыргыз жараны кармалганы белгилүү болду. Анын жакындары Юбуров коңшу өлкөдө 1,5 жылдан бери соода кылып иштегенин айтып, 7-январда ал мекенине кайтып келе жатканда өткөрмө постунда кармалганын айтышкан.

Ал арада Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музакынттын туугандарына таянып, Рузахунов Алматы шаарында өтүүчү концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылганын билдирген.

Ошондой эле, Рузахуновдун жакындары ал кыйноолорго кабылганын жана музыкант менен байланышка чыга албай жатышканын айтышкан. Алар Казакстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, музыкант Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн белгилешкен.

Мындан улам 9-январда Рузахуновун 50гө жакын тарапташы Бишкектеги казак элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар Рузахуновду Бишкекке алып келүүнү талап кылышкан.

Рузахуновду колдоо митингине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип журналисттердин жана чогулгандардын суроолоруна жооп берген. Ташиев Рузахунов буга чейин башаламандыктарга эч качан катышпаганын жана ага «террорист катары» айып тагуу туура эместигин билдирген.

«Биздин жарандар терроризмге айыпталып жаткан учурда, биз унчукпай отура албайбыз. Рузахунов террорист эмес. Аны сактап калуу үчүн кыргыз бийлиги бардык колдон келген аракетин жумшайт», — деген ал.

Мындан сырткары, УКМКнын төрагасы музыканттын кармалышы боюнча толук маалымат алуу үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатканын кошумчалаган.

Ал эми президент Садыр Жапаров 9-январдын кечинде Фейсбук барагында кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов тууралуу маалымат чыгары менен министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бергенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров: Викрам Рузакунов боюнча министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим

«Викрам террорист эмес». Рузакуновун тарапташтары казак элчилигинин алдына митингге чыгышты

Алматыда кыргыз жараны «Убуров» дагы кармалган. Бирок видеодогу киши — Рузахунов

ИИМ: Викрам Рузакунов Алматыга концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылган