ТИМ: Алматыда кармалган төрт кыргызстандык 11-январда бошотулат

Кармалгандардын бири Закир Юбуров

Казакстандын Алматы шаарындагы нааразылык маалында кармалган төрт кыргызстандык 11-январда бошотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коңшу өлкөдөгү башаламандык учурунда Кыргызстандын беш жараны кармалганын маалымдаган. Алардын бири джаз-музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, Бишкекке алып келинген.

Ал эми 11-январда 31 жаштагы Закир Юбуров, 30 жаштагы А. Хуров, 34 жаштагы И. Мачо жана 20 жаштагы А. Жиншанло бошотулаары маалымдалды.

Ошондой эле министрликтен 11-январда Алматыдан Бишкек шаарына 150 кыргызстандык эвакуацияланарын билдиришти — алардын арасында жаш балдар, улгайгандар жана студенттер бар. Министрликтен кыргыз жарандары «Ак-Жол — Автожол» өткөрмө пунктунан өтүп келип, Бишкек мэриясынын автобустарында калаага жеткирилерин кошумчалашты.

10-январга карата Казакстандагы башаламандыкта эки кыргыз жараны каза болгону белгилүү. Алардын бири Luxor фитнес клубунун машыктыруучусу Азиз Мусаев.

Маалыматка караганда, Мусаев үй-бүлөсү менен Алматынын борбордук аянтынын жанында жашачу. Соцтармактын колдонуучулары маркумдун аялына таянып, «Мусаев 6-январь күнү саат 22:30 чамасында үйүнүн жанында жарадар болгон аксакалга жардам берип жатканда аны атып кетишкенин» билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык пианисттин окуясы Казакстандын бийлигинин калпын ашкереледи

Алматыда кыргыз жараны «Убуров» дагы кармалган. Бирок видеодогу киши — Рузахунов