УКМК: Казакстандагы башаламандык учурунда дагы бир кыргызстандык каза болду

Сүрөт: «МК» басылмасы

УКМК 10-январь күнү Казакстандагы башаламандык учурунда Кыргызстандын дагы бир жараны каза болгонун маалымдады. Ушул тапта маморгандар маркумдун жакындары менен байланышып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, коңшу өлкөдөгү башаламандыкта жалпы эки кыргызстандык көз жумду.

Буга чейин Кыргызстандын Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшекеев Алматы шаарында бир кыргыз жараны каза болгонун кабарлаган. Кийинчерээк маркум Luxor фитнес клубунун машыктыруучусу Азиз Мусаев экени белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, Мусаев үй-бүлөсү менен Алматынын борбордук аянтынын жанында жашачу. Соцтармактын колдонуучулары маркумдун аялына таянып, «Мусаев 6-январь күнү саат 22:30 чамасында үйүнүн жанында жарадар болгон аксакалга жардам берип жатканда аны атып кетишкенин» билдиришти.

Мындан сырткары, УКМК башаламандык учурунда казак күч органдары Кыргызстандын беш жаранын кармаганын маалымдады. Алардын бири джаз-музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, Бишкекке алып келинген.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Казакстанда убактылуу жүргөн 14 кыргыз жараны коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эвакуацияланганын билдирген.

Мындан сырткары, ТИМден Казакстандагы авикаттамдар токтотулгандыктан, дагы 15 кыргыз жаранын темир жол менен Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатканын белгилешкен.

ТИМ Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган.

Министрлик Казакстанда жүргөн кыргыз жарандары консультативдик-укуктук мүнөздөгү суроолор боюнча Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылуусун эскертти:

  • +7 777 8150072 — Кайрат Жакыпов;
  • +7 777 0371448 — Гүлзат Абдурасулова;
  • +7 777 0275596 — Жаркынай Сансызбаева;
  • +7 775 4634295 — Медер Сапаралиев.

Ошондой эле, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин ишеним телефонуна дагы консультация алуу үчүн кайрылса болот:

  • +996 551 312 000;
  • +996 555 007 626;
  • +996 708 52 21 37;
  • Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги: +7 (776) 124-88-33, +7 (777) 4733009

Коңшу өлкөнүн бийлиги 7-январдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы жети өткөрмө бекеттин бешөөнү убактылуу жапкан. Буга Казакстандын «Бирдиктүү маалыматтык тутуму жарактан чыкканы» себеп болгону айтылган.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда Чүй облусундагы «Чалдыбар — Автожол» жана Талас облусундагы «Чоң-Капка — Автожол» пункттары «COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен» штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.