Алты кишинин өмүрүн алган Аксыдагы уулануу: Айыпталуучу бир жылга шарттуу кесилди

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту Кара-Суу айылында спирттен ууланып каза болгон алты кишинин иши боюнча өкүм чыгарды. Сот айыпталуучу Бурулкан Эргешованы бир жылга шарттуу эркинен ажыратты.

Алты кишинин өмүрүн алган уулануу

2021-жылдын 3-мартында Аксы районунун аймактык ооруканасына төрт киши уулануунун белгилери менен түшүп, көп өтпөй үчөө каза болгон. Бейтаптар суу менен суюлтулган спиртке ууланганы божомолдонгон.

Көп өтпөй ооруканага дагы 10 киши кайрылган. Ошондой эле спиртке ууланган дагы үч тургун үйлөрүндө каза болгону белгилүү болгон.

Тургундардын бири «Super.kg» басылмасына курган маегинде Кара-Суу айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлер Бурулкан Эргешова 2-мартта 20га чукул адамга «чай бергенин» айтып берген. Анын айтымында, маркумдар ошол күнү ичимдикке ууланышкан. Ошондой эле Эргешова айылдагы дарыканага ээлик кылары айтылган.

Аксы РИИБси «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» жана «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ал эми соттук-медициналык экспертиза маркумдар суу менен суюлтулган спиртке ууланып каза болгонун тастыктаган.

Маркумдардын бири Осмонаалы Чалыбаевдин аялы Замира Кожобекова журналисттерге маек куруп, Эргешованын иниси Алмазбек Эргешов* Жогорку Кеңештин депутаты, ал эми анын агасы оорукананын башкы дарыгери экенин белгилеген. Кожобекова айыпталуучу жоопкерчиликке тартылбай «кутулуп чыгып» кетет деген пикирин айткан.

*Алмазбек Эргешов 2020-жылдын май айында депутаттык мандатын тапшырган. Ал эми 2020-жылы парламенттик шайлоого Эргешов «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 30чу катарда барган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Соттук отурумда Эргешова күнөөсүн мойнуна алган жок. Ошол эле учурда Эргешова меймандарга тамак-аш жана суу менен суюлтулган спирт бергенин тастыктады. Анын айтымында, ал 2021-жылдын башында Бишкектен үч литр спирт сатып алып, 2-мартта айылдаштарын «чайга» чакырган.

Ошондой эле соттук отурумда Аксы РИИБи Эргешовага спирт саткан кишини кармап, анын 120 литр спиртин алып койгону белгилүү болду. Ал эми Эргешованын уулу ар бир маркумдун үй-бүлөсүнө 400 миң сомдон кенемте төлөп берген.

Сот Эргешованы «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен төрт жылга, ал эми «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» боюнча үч жылга эркинен ажыратууну чечти. Ал эми белгиленген жазаларды кошуу менен сот Эргешованы биротоло беш жылга кесип, ошол эле учурда ага бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонду.

*Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыштарга соттолгон адамдарга карата колдонулат. Пробацияга алынган киши эркинен ажыратылбай, укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот. Эгерде соттолуучу пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузса, ал түзөтүү колонияга которулат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аксыдагы уулануу: Чайды экс-депутат Алмаз Эргешовдун эжеси уюштурганы белгилүү болду