Марлен Маматалиев өкмөткө баасы арзан экспресс-тесттерди алып келүүнү сунуштады

Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында депутат Марлен Маматалиев коронавируска ПЧР тест тапшыруунун наркын арзандатуу керек экенин айтып, андан арзаныраак экспресс-тесттерди алып келүүнү сунуштады.

Ал отурумда Түркиядан 500 сомго алган, Германияда өндүрүлгөн экспресс-тестин көрсөтүп, Кыргызстанга дагы «жаңы технологияларды киргизүү керек экенин» айтты. Себеби депутат тестти ар бир киши өз алдынча жасай аларын жана анын жыйынтыгы 10 мүнөткө жетип-жетпей чыгарын эске салды.

«ПЧР тестти башка маамлкетке чыгып жактанда тапшырып жатпайбызбы. Жеке менчик же мамлекеттик лаборатория болобу, баасын түшүрсөк. Башка мамлкеттерде ПЧРдин баасы түшүп жаткандан кийин, биз дагы ошого умтулсак. Буга корогон акча көп болсо дагы чөнтөгүнө урат. 1 500гө түштү, бирок бул деле кымбат», — деди Маматалиев.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда экспресс-тесттер алынып жатканын билдирди.

«ПЧР тесттин баасы эки эсе арзандады. Тесттин жыйынтыгы лобараторияда алты сааттык текшерүүдөн соң чыгат. [...] ПЧР тесттерди авиакомпаниялар талап кылганды эртең токтотушат. Бирок вакцинация деген маселе токтобойт. Бекер эле вакцинадан алып коюп, ПЧР тестти ар бир эки жума бербестен, вакцина алып коюп ошол документ менен дүйнө жүзүнө, коңшу мамлекеттерге дагы чыга берсе болот», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ПЧР тесттин баасы мамлекеттик мекемелерде 1 574 сомдон 900 — 788 сомго чейин арзандаган. Ал эми жеке ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

«Омикрон» штаммы жана коронавирустун төртүнчү толкуну

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылдын 28-ноябрында SARS-CoV-2нин жаңы штаммын жарыялап, ага «омикрон» деген ат койгон. Андан кийин эле дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар жаңы штаммды изилдеп башташкан.

Белгилүү болгондой, буга чейинки штаммдардан айырмасы «омикрон» көп санда мутацияланат — 50дөн ашат.

Ошондой эле, бул штамм Түштүк Африкада пайда болгону белгилүү. Анда ТАРдын Жугуштуу оорулар улуттук институту жаңы штамм тез арада жайылып кеткенин кабарлаган.

Мындан тышкары, ТАР, Германия, Швеция, АКШдагы жана да Pfizer компаниясынын изилдөөлөрүндө жаңы штаммга карата эки жолку эмдөө жетишсиз экенин көрсөткөн.

12-январда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жаңы омикрон штаммы аныкталганын билдирген. Жаңы штаммдын аныкталышы менен катар Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталган.

Жаңы штамм аныкталганынан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек коронавирустун жайылышы боюнча кызыл зонада экенин дагы билдирген.

Буга чейин министр «омикрон» штаммын жуктурган бейтаптардын 70-80 пайызын үй шартында дарыласа болот, себеби оору жеңил өтөт деп билдирген. Ал «омикрондун» жайылуу коркунучу жогору болгондуктан өлкөдө COVID-19 учурлары рекорд коюшу мүмкүн деп болжогон.

20-декабрда Алымкадыр Бейшеналиев өлкө жаңы штаммга толук даяр экенин билдирген.

Тема боюнча:

Кызыл зонага кирген Бишкек, омикрон жана төртүнчү толкун. Эмне болуп жатат?

«Грипп катары көрүшүбүз керек». Байсалов коронавирустун «омикрон» штаммы тууралуу