Таабалды Тиллаев жана Марат Өскөмбаев транспорт министринин орун басарлары болушту

Таабалды Тиллаев / Марат Өскөмбаев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-январда экс-депутат Таабалды Тиллаев менен Марат Өскөмбаевди транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы дайындалган орун басарларды министрликтин жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев тааныштырды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Таабалды Тиллаев 45 жашта, ал парламенттин алтынчы чакырылышында «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат болгон.

Тиллаев 2005-жылы Скрябина атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл-чарба университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигин аяктаган. Ал депутаттык мандатка ээ болгонго чейин «КыргызНефтьПром» жана «ГлавНефтеГаз» ишканаларында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Аткаминер 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Ошондой эле Тиллаев «коррупцияга» күнөлүү деп табылган экс-бажычы Райымбек Матраимовду колдоо митингдерине катышып жүргөн.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого Тиллаев «Альянс» партиясы менен катышып, бирок мандатка илешпей калган.

Ал эми 35 жаштагы Марат Өскөмбаев Транспорт жана коммуникация министрлигинин санариптик өнүктүрүү маселелерин тескейт. Өскөмбаев бул кызматка келгенге чейин транспорт министринин кеңешчиси болгон.

Өскөмбаев Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин «Юриспруденция» адистиги боюнча билим алып, кийинчерээк Жапониянын Рицумейканг университетинде магистратураны аяктаган. Ал окууну аяктагандан кийин Каржы министрлигинде ар кайсы кызматтарда иштеп, 2011-2021-жылдары мекеменин бир нече бөлүмдөрүн жетектеген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигин 2021-жылдын август айында Эркин Осоев жетектеп баштаган.