«Башкы террорист». Болот Темиров кармоолорду мазут тууралуу иликтөө менен байланыштырды

Болот Темиров Свердлов райондук сотунун алдында. Сүрөт: «Клооп»

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23-январда иликтөөчү журналист Болот Темировду эч жака кетпөө тилкаты менен бошотту. Ал эми Temirov Live’дын кызматкери, акын Болот Назаров үй камагына чыгарылды.

Темиров сот залынан чыккандан кийин журналисттерге маек куруп, Temirov Live командасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу жасаган журналисттик иликтөөсү менен кармоолордун «түздөн-түз байланышы бар» деп эсептейт. Ошондой эле Темиров күч органдарына ишенбестигин айтып, аларга тагылган айып боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзөөрүн билдирди.

«Камчыбек Ташиев дөөдүрөп сүйлөй берсин»

Болот Темиров ага жана анын кесиптеши Болот Назаровго баңгизаттарды «атайылап салып же ыргытып коюшканын» билдирди. Ошондой эле Темиров анын канында баңгизаттардын белгилери аныкталбаганын белгиледи.

«Камчыбек Ташиев ар нерсе деп жүрдү. Биздин офисте компьютерден башка эч нерсе жок. Бар болсо табат эле, ит менен издешти. Камчыбек Ташиев дөөдүрөп сүйлөй берсин [...] “Мүмкүн компьютер аркылуу булар сатып жатышты” деп “компьютерлерди алыш керек” деп протоколго жазып коюшуптур», — деди ал.

Темировдун айтымында, соттук отурумда бул маселе боюнча да түшүнбөстүк жаралган. «Анткени бүгүнкү күндө баңгизаттар компьютер эмес, телефон аркылуу эле сатылып жатат» деди ал.

Биринчи күбө, кийин шектүү

Болот Темировдун айтымында, күч органдары 22-январда аны күбө катары кармашканын айтышкан. Ал эми 23-январь күнү саат 10:00 чамаларында анын статусу шектүүгө өзгөрүп ага айып угузулган.

«Алар мага карата колдонгон чараларга караганда, мен өзүмдү өлкөдөгү эң башкы террорист же Камчы Көлбаевден да жаман бандиттей сездим», — деди журналист.

*Милиция Темировго «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен айып тагууда. Ал эми Назаров аталган берене менен бирге «баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүргөн» деп да шектелип жатат.

Мамлекет жана коомдун деградациясы

Темиров эгерде Ташиевдердин үй-бүлөсү аны сотко берсе соттошууга даяр экенин белгиледи, анткени алар жарыялаган иликтөө боюнча тийиштүү фактылар бар экенин белгиледи.

Ошондой эле Темиров «Регион Ойл» жеке ишканасы «Кыргыз Петролеум Компаниден» мазут сатып алып, Өзбекстанга экспорттоо менен 37 млн сом киреше тапканын «мамлекеттик ишканадан каражат чыгаруу жолу» деп атады. Ал мисалы Украинада мындай «схемалар» үчүн кылмыш иши козголоорун айтты.

«Өзүм үчүн эмес, кызматкерлер, кесиптештер үчүн кооптонуп турамын. Анткени мен туш болгон жагдайга эртең ар бириңер туш болушуңар мүмкүн. Мен алар саясий оюндарында ушундай кадамга барат деп күткөн эмесмин, балким коркутуу максаты болгон. Бирок мен бул коомдун жана мамлекеттин абсолюттук деградациясы деп эсептейм», — деди ал.

Темировдун жана Назаровдун кармалышы

20-январда Temirov Live’дын Youtube-каналында Ташиевдердин үй-бүлөсүнө тиешеси бар журналисттик иликтөө жарыяланган. Анда Ташиевдин 31 жаштагы жээни Байгазы Матисаков жетектеген «Кыргыз Петролеум Компани» заводу өндүргөн мазутту «Регион Ойл» жеке ишканасы Өзбекстанга экспорттогону баяндалган.

Журналисттер «Регион Ойл» 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун, андан 37 млн сом киреше тапканын билдиришкен.

Кызыгы, «Регион Ойлдун» негиздөөчүсү 34 жаштагы Назгүл Айдарова Ташиевдердин үй-бүлөсү менен байланышы бар болгону аныкталган. Айдарова 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого Камчыбек Ташиевге таандык делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган.

Ошондой эле, Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталган.

«Эмнеге ортомчусу жок, экспорттогонго мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик ишкана миңдеген тонна мазутту ортомчулардын колуна карматып жатат? “Кыргыз Петролеум Компани” жылына 160 млн сом тапса ортомчу “Регион Ойл” эки күндүн ичинде 37 млн сом киреше таап отурат», — деп суроо салган Temirov Live’дын иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбеков.

Кийинчерээк Айдарова «Регион Ойл» Ташиевдер жана «Кыргыз Петролеум Компани» менен байланышын четке каккан.

Иликтөөдөн эки күн өткөндөн кийин, Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүп, журналист Болот Темировду жана акын Болот Назаровду алып кетишкен.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон жашыл затты салып, кайра алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Кийинчерээк адвокат Нурбек Токтакунов Болот Темировун кайрылуусун жарыялады. Анда Темиров «эң негизгиси Ташиевдер тууралуу иликтөөнү жарыяладык» деп, буга чейин журналисттер коркутууларга кабылганын белгилеген. Ошондой эле Темиров күч органдары алардын жабдыктарын да алып кетишкенин кошумчалады.

«Алар кирип келгенде мени полго жаткырышып, үстүмө [күч органдарынын] эки кызматкери отуруп алды. Ошол кезде арткы чөнтөгүм аларга жеткиликтүү болчу. Ал эми арткы чөнтөктү тинтип жатышканда баштыкка оролгон белгисиз жашыл зат табышты. Бул албетте меники эмес, мен муну эч качан кылган эмесмин», — деди Темиров.

Temirov Live’тын кызматкерлери Ташиевдер тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгү чыгаар алдында укук коргоо органдары Болот Темировду кармап кетишкенин билдириди.

Ал эми Ташиев Темировдун кармалышы журналисттик иликтөө менен «байланышы жок» болгонун айтты.

Атайын кызматтын башчысы экспертиза Temirov Live’дын кызматкери, акын Болот Назаров баңгизат колдонгонун айтып, ошол эле учурда Болот Темировдун «каны таза чыкканын» билдирди. Ташиевдин айтымында, Назаров «Temirov Live’дын кеңсесинен баңгизат менен чыгып жүргөн». Бирок Ташиев буга Болот Темировдун эмне тиешеси бар болгонун жана анын статусу тууралуу маалыматты ачыктаган жок.

Ошондой эле Ташиев акын Болот Назаров «баңгизат колдонуп, аны таратып да жүрсө керек» деп божомолдоду. Ошол эле учурда УКМК башчысы бул ишти ИИМ тергеп жатканын жана анын жүрүшү тууралуу «маалыматы жок болгонун» белгиледи.