«Темировдун кармалышы байлыкты коргоо аракети». Ошто иликтөөчү журналистти колдоо митинги өттү

Ош шаарынын журналисттери жана жарандык активисттери «Журналисттер аллеясынын» алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясына чыгышты.

Укук коргоо органдары Болот Темиров жана аны менен кызматташкан акын Болот Назаровду 22-январь күнү кечинде кармаган. Эки күн мурда Temirov Live’дын Youtube-каналында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Атайын кызматтын төрагасы 23-январда маалымат жыйын куруп Темиров жана Назаров «баңгизатка байланыштуу» кармалганын билдирген.

Акцияга катышкан эркин журналист Ыдырыс Исаков «нормалдуу өлкөдө журналисттик иликтөө чыкканда анын башкы каарманына карата териштирүү башталып, ал кызматтан алынат» деп билдирди. Ошондой эле Исаков сөз эркиндиги «бир гана журналисттердин эмес, бүтүн Кыргызстандын наны» деген пикирин айтты.

«Бирок бизде тескерисинче болуп жатат: кайсы бир жетекчи жөнүндө иликтөө жарыяласак реакция кылбай же унчукпай коюшат — бул журналисттер үчүн эң жакшысы болуп калды — же болбосо тескерисинче өзүңө каршы күч колдонулат [...] Азыр Болот Темировдун кармалышы бул чиновниктердин түздөн-түз өздөрүнүн байлыгын коргоо аракети деп түшүнүшүбүз керек», — деди Исаков.

Ал эми «Куңгуров жана өнөктөштөр адвокаттык бюросунун» башкаруучу партнеру, юрист Асылбек Куңгуров бүгүнкү күндө журналисттер «укук коргоо органдарынын жумушун аткарып жатат» деп билдирди. Куңгуров иликтөөдө айтылган «Регион Ойл» ишканасы тапкан 37 млн сомдук киреше мамлекеттик бюджетке түшүүсү керек болчу деп эсептейт.

«Мамлекетке тиешелүү болгон мүлктү айтып жатпайбы, [“Регион Ойл”мазутту “Кыргыз Петролеум Компаниден”] 18 сомдон алып, [Өзбекстанга] 28 сомдон сатыптыр деп — ошонун айырмасы бюджетке түшө турган акча да. Анан журналисттер ушундай ишти укук коргоо органдарына даярдап бергенден кийин реакция кылгандан кийин иликтөөчү журналисттерди куугунтукка алып же кандайдыр бир басмырлоого туура келбейт», — деди ал.

Ошондой эле Куңгуров Ташиевге байланыштуу иликтөө жарыялангандан кийин эле Темиров жана Назаров кармалганы «коомчулукта күмөн жаратканын» кошумчалады. Юрист бийлик адамдары «эгерде митингге көп киши чыкпаса, демек баары биз менен макул экен» деп ойлонбошу керек деп эскертти.

Темировдун мурдагы кесиптеши, Factcheck.kg басылмасынын журналисти Арген Камалдинов бийлик «иликтөөчүлөрдү элдин душманы катары кабыл албашы керек» деп билдирди.

«“Болот Темировдун чөнтөгүнөн баңгизат табылды” дегенде мен күлдүм. Мен башымды коюп деле айта аламын — ал андай адам эмес, мен аны жакшы эле тааныйм, жакшы билемин [...] Бул жалпы журналисттерге, жалпы сөз эркиндигине басым катары эле түшүнсө болот. Сүйлөсөң ушундай көрүнүш болуп калышы мүмкүн: бүгүн Болот Темиров болсо, эртең кимдерге келип калышы мүмкүн аттарын билесиңер», — деди ал.

Ташиевге байланыштуу иликтөө жана Темировдун кармалышы

20-январда Temirov Live’дын Youtube-каналында Ташиевдердин үй-бүлөсүнө тиешеси бар журналисттик иликтөө жарыяланган. Анда Ташиевдин 31 жаштагы жээни Байгазы Матисаков жетектеген «Кыргыз Петролеум Компани» заводу өндүргөн мазутту «Регион Ойл» жеке ишканасы Өзбекстанга экспорттогону баяндалган.

Журналисттер «Регион Ойл» 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун, андан 37 млн сом киреше тапканын билдиришкен.

Кызыгы, «Регион Ойлдун» негиздөөчүсү 34 жаштагы Назгүл Айдарова Ташиевдердин үй-бүлөсү менен байланышы бар болгону аныкталган. Айдарова 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого Камчыбек Ташиевге таандык делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган.

Ошондой эле, Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталган.

«Эмнеге ортомчусу жок, экспорттогонго мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик ишкана миңдеген тонна мазутту ортомчулардын колуна карматып жатат? “Кыргыз Петролеум Компани” жылына 160 млн сом тапса ортомчу “Регион Ойл” эки күндүн ичинде 37 млн сом киреше таап отурат», — деп суроо салган Temirov Live’дын иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбеков.

Кийинчерээк Айдарова «Регион Ойл» Ташиевдер жана «Кыргыз Петролеум Компани» менен байланышын четке каккан.

Иликтөөдөн эки күн өткөндөн кийин, Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүп, журналист Болот Темировду алып кетишкен.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон жашыл затты салып, кайра алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Кийинчерээк адвокат Нурбек Токтакунов Болот Темировун кайрылуусун жарыялады. Анда Темиров «эң негизгиси Ташиевдер тууралуу иликтөөнү жарыяладык» деп, буга чейин журналисттер коркутууларга кабылганын белгилеген. Ошондой эле Темиров күч органдары алардын жабдыктарын да алып кетишкенин кошумчалады.

«Алар кирип келгенде мени полго жаткырышып, үстүмө [күч органдарынын] эки кызматкери отуруп алды. Ошол кезде арткы чөнтөгүм аларга жеткиликтүү болчу. Ал эми арткы чөнтөктү тинтип жатышканда баштыкка оролгон белгисиз жашыл зат табышты. Бул албетте меники эмес, мен муну эч качан кылган эмесмин», — деди Темиров.

Temirov Live’тын кызматкерлери Ташиевдер тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгү чыгаар алдында укук коргоо органдары Болот Темировду кармап кетишкенин билдириди.

Ал эми Ташиев Темировдун кармалышы журналисттик иликтөө менен «байланышы жок» болгонун айтты.

Атайын кызматтын башчысы экспертиза Temirov Live’дын кызматкери, акын Болот Назаров баңгизат колдонгонун айтып, ошол эле учурда Болот Темировдун «каны таза чыкканын» билдирди. Ташиевдин айтымында, Назаров «Temirov Live’дын кеңсесинен баңгизат менен чыгып жүргөн». Бирок Ташиев буга Болот Темировдун эмне тиешеси бар болгонун жана анын статусу тууралуу маалыматты ачыктаган жок.

«Болот Темировду камабастан, кылмыш ишти улантууга болот деп эсептейм. Ушуну айтып, таасир эткени аракет кылам», — деди Ташиев.

Ошондой эле Ташиев акын Болот Назаров «баңгизат колдонуп, аны таратып да жүрсө керек» деп божомолдоду. Ошол эле учурда УКМК башчысы бул ишти ИИМ тергеп жатканын жана анын жүрүшү тууралуу «маалыматы жок болгонун» белгиледи.