Ташиев Temirov Live’дын иликтөөсүн «жалган жалаа» деп атап, Темировдун кармалышын «баңгизат» менен байланыштырды

Камчыбек Ташиев / Болот Темиров

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда басма сөз жыйын куруп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча комментарий берди.

Темиров — журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live’дын негиздөөчүсү. Ал 20-январда УКМК башчысынын жээни Байгазы Матисаков жетектеген «Кыргыз Петролеум Компани» жана Ташиевдер менен байланышы бар «Регион Ойл» тууралуу иликтөө жарыялаган.

Ташиев Temirov Live’дын иликтөөсүндө айтылган фактыларды «жалган жалаа» деп атап, ал «мамлекеттен бир сом уурдабаганын» билдирди. Ошондой эле Ташиев журналист Болот Темировдун кармалышы анын командасы даярдаган иликтөө менен «байланышы жок» болгонун айтты.

Атайын кызматтын башчысы экспертиза Temirov Live’дын кызматкери, акын Болот Назаров баңгизат колдонгонун айтып, ошол эле учурда Болот Темировдун «каны таза чыкканын» билдирди. Ташиевдин айтымында, Назаров «Temirov Live’дын кеңсесинен баңгизат менен чыгып жүргөн». Бирок Ташиев буга Болот Темировдун эмне тиешеси бар болгонун жана анын статусу тууралуу маалыматты ачыктаган жок.

«Болот Темировду камабастан, кылмыш ишти улантууга болот деп эсептейм. Ушуну айтып, таасир эткени аракет кылам», — деди Ташиев.

Ошондой эле Ташиев акын Болот Назаров «баңгизат колдонуп, аны таратып да жүрсө керек» деп божомолдоду. Ошол эле учурда УКМК башчысы бул ишти ИИМ тергеп жатканын жана анын жүрүшү тууралуу «маалыматы жок болгонун» белгиледи.

Мындан сырткары Ташиев «Регион Ойл» ишканасы менен байланышын четке какты. Иликтөөдө аталган ишкана «Кыргыз Петролеум Компаниден» 3 666 тонна мазут алып, Өзбекстанга экспорттоо менен 37 млн сом киреше тапканы айтылган.

«Эң негизгиси иликтөөнү чыгардык»

Ташиевдерге байланыштуу иликтөө 20-январда жарыяланган. Ал эми эки күндөн кийин Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүп, журналист Болот Темировду алып кетишкен.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон жашыл затты салып, кайра алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Кийинчерээк адвокат Нурбек Токтакунов Болот Темировун кайрылуусун жарыялады. Анда Темиров «эң негизгиси Ташиевдер тууралуу иликтөөнү жарыяладык» деп, буга чейин журналисттер коркутууларга кабылганын белгилеген. Ошондой эле Темиров күч органдары алардын жабдыктарын да алып кетишкенин кошумчалады.

«Алар кирип келгенде мени полго жаткырышып, үстүмө [күч органдарынын] эки кызматкери отуруп алды. Ошол кезде арткы чөнтөгүм аларга жеткиликтүү болчу. Ал эми арткы чөнтөктү тинтип жатышканда баштыкка оролгон белгисиз жашыл зат табышты. Бул албетте меники эмес, мен муну эч качан кылган эмесмин», — деди Темиров.

Temirov Live’тын кызматкерлери Ташиевдер тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгү чыгаар алдында укук коргоо органдары Болот Темировду кармап кетишкенин билдириди.

Эмне деген иликтөө?

20-январда Темиров Live’дын журналисттери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар компанияга эки күндө эле 37 миллион сом киреше алып келген «Ташиевдердин схемасы» тууралуу сөз кылган иликтөөсүн жарыялаган.

Журналисттер «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясын Ташиевдин жээни, 31 жаштагы Байгазы Матисаков жетектеп жатканын ачыкташты. Матисаков бул кызматка 2020-жылы бийликке учурдагы президент Садыр Жапаров келгенден кийин дайындалган.

Буга чейин заводду Нурлан Максутов жетектеп келген — ал жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Ал эми «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКы «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасына таандык.

«“Кыргыз Петролеум Компани” “Кыргызнефтегазга” тиешелүү жападан-жалгыз нефтини кайрадан иштетүүчү ишкана. Эки ишканада тең мамлекеттин үлүшү бар. Заводдо Кыргызстанда казылып алынган нефть кайра иштетилип, дизель, бензин, мазут өндүрүлөт», — деди иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 18-декабрында жумушчу сапарынын алкагында аталган ишканага барган. Анда ал «Кыргыз Петролеум Компани» 2020-жылы 47 млн сом зыян тартса, 2021-жылы ишкананын таза кирешеси 160 млн сомду түзгөнүн билдирген.

«Регион Ойл» жана Ташиевдер

Ал эми «Регион Ойл» ишканасы «Кыргыз Петролеум Компаниде» өндүрүлгөн мазутту экспорттойт. Тыныстанов «Регион Ойл» 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун билдирди. Ишкана мындан 37 млн сом киреше тапкан.

«Регион Ойл» 34 жаштагы Назгүл Айдаровага таандык — ал 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган. Аталган партия УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу деп айтылат.

Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды.

Temirov Live «Ачык бюджет» порталындагы маалыматтарга таянып, Айдарова жетектеген «Регион Ойл» бир жылдын ичинде Түштүк-батыш бажыга товарларды каттоо үчүн 52 жолу төлөм жүргүзгөнүн билдирди.

«Бир гана мазут экспорттойбуз. Мазуттан бөлөк продукцияны экспорттоого тыюу салынган, ошого мазутту гана экспорт кылабыз [...] [2021-жылы] Өзбекстан, Италияга [экспорт болду]», — деген Айдарова Temirov Live’дын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып.

Ошол эле учурда Айдарова «Регион Ойл» бир жылда канча тонна мазут экспорттогону тууралуу маалыматты ачыктоодон баш тартып, Салык кызматына кайрылууну айткан.

«Эмнеге ортомчусу жок, экспорттогонго мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик ишкана миңдеген тонна мазутту ортомчулардын колуна карматып жатат? “Кыргыз Петролеум Компани” жылына 160 млн сом тапса ортомчу “Регион Ойл” эки күндүн ичинде 37 млн сом киреше таап отурат», — деп суроо салган иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

Кийинчерээк Айдарова «Регион Ойл» Ташиевдер жана «Кыргыз Петролеум Компани» менен байланышын четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

«Баңгизат салып коюшту». Иликтөөчү Болот Темировду кеңсесинен кармап алып чыгып кетишти