Temirov Live’дын командасына кысым. Мадумаров депутаттарды адам укугун талкуулоого чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин 26-январдагы жыйынында кесиптештерин Temirov Live’дын журналисттерине кысым болуп жаткан шартта адам укуктары боюнча маселени дыкат кароого чакырды.

«Ушул февраль айынын календардык планына өлкөдөгү эң оорчундуу маселе болуп жаткан адам укуктары жөнүндөгү жагдайды киргизишибиз керек. Журналисттердин, коомдук ишмерлердин, жарандык активисттердин үстүнөн болуп жаткан маселе боюнча […] Ушуга эле маалыматтык коопсуздук маселесин киргизишибиз керек. Маалыматтык коопсуздук деп жатканымдын себеби — социалдык тармактардагы ар кандай чийинден чыгып кеткени жөнүндө [маселе]», — деди Мадумаров.

Ал адам укуктарын бузууларга байланыштуу маселени өлкөдөгү кеңири талкуулоо көптөгөн көйгөйлөрдү чечет деп эсептейт.

Буга чейин ушул эле отурумда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында УКМКны Temirov live’дын журналисттерин куугунтуктоого колдонуп жаткан ыкмалары үчүн сынга алган. Бекешев УКМК журналисттердин жеке жашоосун коомчулукка жарыялап «уят» болууда деп айткан. Мурдараак Temirov live’дын журналисттери атайын кызматтын башчысынын үй-бүлөсүнө байланыштуу иликтөө чыгарышкан болчу.

Мадумаров журналисттерге карата болуп жаткан кайсы кысымды айтууда?

20-январда TemirovLive ютуб каналында «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы» аталышындагы журналисттик иликтөө жарыяланган. 21-январда иликтөө тууралуу көптөгөн ЖМКлар жазып чыккан.

Эртеси күнү Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүшкөн. Журналисттердин жана Болот Темировдун өзүнүн айтымында, алар арткы чөнтөгүнө баңгизат салып, андан кийин аны баарына көрсөтүп алып чыгышкан.

Күч кызматкерлери кеңседеги бардык техниканы алып кетишкен

Ошол эле күнү өз ырларында Ташиевди сындап ырдаган акын Болот Назаров кармалган. Милициядан анын чөнтөгүндө баштыкчада гашиш табылды деп билдирген.

Темиров менен Назаровго кылмыш иши ачылып, сатуу максатын көздөбөстөн баңгизатын мыйзамсыз өндүрүү айыбы тагылган. Өлкөдө аларды колдоо митинги өтүп, кийинчерээк алар эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылышкан.

Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров «Вечера трудного дня» берүүсүнүн эфиринде кармоонун чоо-жайын айтып беришкен.

Эфирде Болот Темиров артынан аңдышканын, уктоочу бөлмөсүнөн камера таап чыгышканын айтып берген.

Ал эми Назаров өзүнө каршы арыз жазган кыз тууралуу айтып, ал күйөрманы экенин жана сценарий жазууга жардам сураганын жана бульбулятор колдонуп көрүүнү сунуштаганын билдирген.

Ошондон кийин эле, социалдык тармактарда Temirov Live’дын журналисттеринин жана Болот Назаровдун жеке жашоосу тууралуу жашыруун камерага тартылган видео пайда болгон.

Темиров өзү кармалышы, кодулоо жана Temirov Live’дын командасынын мүчөлөрүн куугунтуктоону «бийликтин жашыра турганы бар болгондуктан» болууда деп эсептейт, себеби журналисттерден коркушат деп эсептейт. Ал эми Назаров УКМКга кайрылып, аңдууларды жана тыңшоолорду уюштуруунун ордуна өлкөдөгү маанилүү маселелерге көңүл бурууга чакырган.

«Артымдагы артымдын тешигин аңдыгыча,

Акылын бир экчесе», — деп ырдаган акын.

Укук коргоочулар Temirov Live’дын кеңсесиндеги тинтүүнү жана кармоону «журналисттерди коркутуу үчүн саясий күч пайдаланылган жагымсыз прецендент» жана сөз эркиндигине карата кысым деп эсептешкен. Алар журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалуу фактысынын мыйзамдуулугун иликтөөнү көзөмөлгө алуусун суранып парламентке кайрылышкан.

Дагы окуңуз:

«Артымдын тешигин аңдыгыча, акылын бир экчесе». Болот Назаров УКМКга кайрылды

Болот Темиров: Бийликтин жашыра турганы бар, ошондуктан бизден коркот

Temirov Live’дын иликтөөсү: Активисттер Ташиев менен Ниязбековдун отставкасын талап кылышты