ИИМ эгер арыз түшсө Temirov LIVE’дын журналисттерине байланышкан видеолорду иликтейт

ИИМ эгерде аларга тийиштүү арыз түшсө, журналист Болот Темировдун жана Temirov LIVE’дын башка кызматкерлеринин жеке жашоосу тууралуу интернетте тараган аудио жана видео материалдарды иликтейт. Бул тууралуу «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн эфиринде ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

«Ал боюнча тергөө жүрүшү мүмкүн, арыз менен кайрылып, тергөө жүргүзүлөт. Мен ал видео жөнүндө сизден угуп жатам, азыркы убакта, аны интернеттен көргөн жокмун», — деди ал алып баруучуга

Министрдин орун басары Temirov Livе’дын кеңсесиндеги видеокөзөмөл камераларынын жана милиция кызматкерлери өздөрү тартып алган дагы видеолорду текшерерин кошумчалады. Ал эгер Темировдун чөнтөгүнө баңгизатты салып коюшкан деген билдирүүсү чын болуп чыкса, анда бул ишке күнөлүү милиция кызматкерлери жоопкерчиликке тартылат деп ишендирди.

Буга чейин иликтөөчү-журналист Болот Темиров «жаман аттуу кылган видеонун» чыгып кетишине жана башка мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу командасы сотко кайрыларын билдирген.

Ал соцтүйүнгө «жаман аттуу кылган видеону» коомдук пикирди манипуляция кылуу максатында чыгарышканын белгилеген. Анын айтымында, аталган видеолордо «тыңшоонун» үнжазмалары, анын ичинде милиция алып кеткен компьютерлердеги материалдар колдонулган.

«Негизи, [видеодогу] материалдардын көбү [милиция алып кеткен] ьиздин компьютерлерден алынган. Ал келишимдер, бюджеттер, айлыктар, отёттор — ошол компьютерде болгон. Биздин укук коргоо органдарына эми кантип ишенсе болот, бардык мыйзамдарды тебелеп, “асфальтка кошуп түздөп салуу” деген [буйрукту аткарууга киришишти] [...] Кийин жазасын алышат булар», — деген ал.

Болот Темировду кармоодо укук коргоо органдары редакциянын кеңсесинен бардык компьютерлер менен техниканы алып кетишкен. Журналисттин айтымында, укук коргоо оргон кызматкерлери технига мөөр чапташкан эмес, жөн гана сериялык номерин жаза коюп алып кетишкен.

Ал өзүнүн кармалуусу, жек көрүндү кылуу жана Temirov Live’дын командасын куугунтуктоо «бийликтин жашыра турганы бар болгондуктан» жана журналисттерден корккондуктан болууда деп эсептейт.

Болот Темировду кармоо жана кесиптештерин андан аркы кодулоо Temirov Live командасынын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу иликтөөсү жарык көргөндөн кийин болду. Андан кийин белгисиз колдонуучулар журналисттин жеке жашоосу тууралуу жашыруун камерага тартылган видеону жарыялай башташкан.

Бир катар активисттер аталган «видеолорду чыгарууга» укук коргоо орган кызматкерлери менен өлкөнүн атайын кызматтары аралашкан ыктымал деп эсептешет. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, андан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди жана ички иштер министри Улан Ниязбековду отставкага кетирүүнү талап кылышкан.

Журналисттерди кодулоо болуп жатканы парламентарийлерди дагы ойго салган. Парламенттин 26-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев УКМК журналисттердин жеке жашоосун коомчулукка жарыялап «уят» болууда деп айткан.

Тема боюнча окуңуз: Temirov Live’дын иликтөөсү: Активисттер Ташиев менен Ниязбековдун отставкасын талап кылышты