Кара-Сууда 14 жашар кызды ала качууга шектелип төрт киши кармалды

Шектүүлөр.

Ош облусунун Кара-Суу шаарында 14 жаштагы кызды ала качууга шектелип 4 киши кармалды. Алар Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 26-январь саат 22:30 чамасында шаардагы «Кылым-Ордо» чайканасынын алдында болгон. Анда Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну өзүнүн үч досу менен 14 жашар кызды «Дэу-Матиз» автоунаасына салып райондун Талдык айылына ала качып кеткен.

«Кызды ала качан кишинин үйүнө алып кирип отургузуп коюшкан. Ыкчам тергөө тобу барып аны кайтарып келген», — деп билдиришти милициядан.

Кыздын ата-энеси арыз жазып, шектүүлөр тергөөгө камсыз болгон. «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми кыздын денесинде жараат бар-жоктугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

2021-жылдын 8-декабрында Жалал-Абадда 27 жаштагы киши өзүнөн 10 жаш кичүү кызды никеге туруу максатында шериктери менен чогуу уурдаган. Анда милиционерлер кызды кайтарып келишкен.

Ал эми шектүүлөр кармалып, кийинчерээк кызды уурдаган шектүү 2022-жылдын 9-февралга чейин үй камагына чыгарылган. Ал эми анын шериги эки айга тергөө абагында калтырылган.

Сотко жетпеген ала качуу

Кыргызстанда ала качуу боюнча иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

Ал эми жалпысынан 2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанда ала качуунун 187 учуру катталган. Анын сегизи гана сотко өтүп, калгандары «кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылган.

2021-жылдын апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.

Кененирээк окуңуз:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи