Игорь Чудинов чек ара маселеси боюнча Башкы прокуратурада сурак берди

Экс-депутат Игорь Чудинов 1-февралда Башкы прокуратурада күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу маатылматты «Клоопко» көзөмөл органынан тастыкташты.

Башкы прокуратуранын маалыматында, Чудинов кыргыз-тажик чек арасын макулдашуу маселеси боюнча сурак берди. Көзөмөл органы эмнени иликтеп жатканы жана кимдир бирөөгө айып такканы же такпаганы так белгисиз.

Чудинов 2007-2009-жылдары Кыргызстандын премьер-министри болгон — демек, ошол убакта ал чек араны макулдашуу боюнча документтерге кол койгон болушу мүмкүн.

14-18-январда чек ара маселеси боюнча оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаты Адахан Мадумаров да суракка чакыртылган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу күбө катары суракка алынган.

Аталган протокол Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп, көпүрө салуу үчүн ал жерге дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу боюнча макулдашууну шарттаган.

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, Кыргызстандын Баткен облусундагы 5 гектар жерди Тажикстандан ижарага алуусу боюнча протоколго кол коюлганын — «кечирилгис чыккынчылык» деп атаган. Буга чейин ал Мадумаров бул протоколго кол коюу менен Төрт-Көчө аймагын тажик тарапка таандык деп моюндап, ал жерди аларга 49 жылга ижарага бергенин айткан. Анын айтымында, дал ушул протоколдон улам Дүйшөмбү Баткендеги ушул аймакка ээ болгусу келип жатат.

Ал эми Мадумаров өзү бул документке кол коюу туура чечим болгонун бир канча жолу айтып, протокол Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган эместигин жана анын эч кандай юридикалык күчү жоктугун белгилеген.