Ташиев бир тууган инисинин мандаты тууралуу: Фракциянын чечимдерине кийлигише албайм

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын качан тапшырары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда атайын кызматтын башчысы инисинин мандаты боюнча маселени анын шайлоочулары менен «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы чечерин билдирди.

«Анын өзүнүн шайлоочулары бар. Мен өзүмдүн оюмду айттым. Шайлоочулары жана фракциянын чечимдери бар. Алардын өздөрүнүн чечими бар, мен ага кийлигише албайм», — деди ал.

23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live’дын «Ташиевдердин схемасы» аттуу иликтөөсү боюнча басма сөз жыйын куруп, иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айткан. Ташиев мындай чечим «мурдагы жетекчилердин каталарын кайталабаш үчүн» кабыл алынганын белгилеген.

«Коомдогу сын пикирлерди угуп жаткан соң мен иниме [Шайырбек Ташиевге] “бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын, сен мандатыңды тапшыр” дедим. Ал [парламенттин] келерки шаршембидеги отурумунда депутаттыктан баш тартат. Ташиевдердин үй-бүлөсүндө эки-үч саясатчы болбойт, мен кызматтан кеткенден кийин каалаган кызматка келип иштей берсин», — деген Ташиев.

26-январда «Ак үйдүн» алдында депутат Шайырбек Ташиевди колдоо митинги өткөн. Ага жалпы сегиз киши чыккан. Алар «Ташиев — элдин уулу», «Шайырбек кеткенге укугуң жок!» деген плакаттарды көтөрүп чыккан. Нааразычылык акциясына чыккандар Ташиевди эл шайлаганын билдиришкен.

Кийинчерээк «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Ташиевдин мандатын тапшыруу маселеси Temirov Live’дын иликтөөсүндө айтылган маалыматтар текшерилгенден кийин чечилерин билдирген.

Төрөбаевдин айтымында, бул маселе боюнча атайын коммиссия дагы түзүлгөн. Шайырбек Ташиев фракцияга кайрылып, эгер мандатын тапшырса, күнөөнү мойнуна алган болуп каларын айткан. Ал ошондой эле иликтөөнүн бардык жагдайларын аныктоону суранган.

Temirov LIVE’дын Ташиевдерге байланыштуу иликтөөсү

Үстүбүздөгү жылдын 20-январда Temirov LIVE’дын журналисттери Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы күйүүчү май бизнеси менен байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда ал иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган.

Иликтөөдөгү маалыматка ылайык, Жалал-Абаддагы мамлекеттик үлүшү бар «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому «Регион Ойл» жеке компаниясы аркылуу Өзбекстанга мазут экспорттоп жатат. Журналисттер «Регион Ойл» ортомчу ишкана болуп туруп эле эки күндүн ичинде 37 млн сомдук киреше тапканын аныкташкан.

Аталган «Регион Ойл» компаниясы34 жаштагы Назгүл Айдаровага таандык — ал 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган. Аталган партия УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу деп айтылат.

Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталган.

Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңешке Жалал-Абаддагы №14 бир мандаттуу округунан шайланган. Эгер ал мандатын тапшырса, мыйзам боюнча бул округда кайра шайлоо дайындалат.

Ташиевдерге байланыштуу иликтөө жарыяланып, эки күн өткөндөн кийин Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүп, журналист Болот Темировду алып кетишкен.

Ал эми 23-январдагы маалымат жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Temirov Live’дын иликтөөсүндө айтылган фактыларды «жалган жалаа» деп атап, ал «мамлекеттен бир сом уурдабаганын» айткан.