Ташиев Temirov Live’дын командасын аңдуу жана шантажга УКМКнын тиешеси жоктугун айтты

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Temirov Live YouTube-каналынын командасын аңдуу жана шантаж кылуунун артында атайын кызмат турушу мүмкүндүгү айтылган журналисттердин иликтөөсүнө комментарий берди. Буга чейин журналисттер Temirov Live командасын өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аңдыганын жана алардын кодулоого тиешеси бар экенин аныкташкан.

Ташиевдин айтымында, журналисттик иликтөөнүн өзүн окуган эмес, бирок ал буга УКМКнын кызматкерлери аралашканы тууралуу маалыматты четке какты.

«Мунун бардыгы калп нерселер, себеби Темиров боюнча УКМК эч кандай маалыматтарды тараткан да жок, маалыматы да жок. Ал ишти биз иликтеген жокпуз. Ал ИИМде. Анын бизге эч кандай тиешеси жок. Кайсыл орган иликтеп жатса, ошол жакка кайрылсаңар жооп беришет. Мен эч нерсе окуган жокмун, мен “талаада” жүрөм, эч нерсе окуган жокмун», — деп жазды 24.kg Ташиевдин айткандарын.

Иликтөөдө эмне деп айтылды эле?

«Клооп», OCCRP жана «Азаттыктын» журналисттери иликтөөсүндө Temirov Live командасын өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган кишилер аңдыганын жана алардын иликтөөчү-журналисттерди шантаж кылууга аралашканын аныкташкан.

Негизинен шантажга Temirov Live’дын кызматкерлеринин бири кабылган. Анын айтымында, окуя декабрь айында спортзалда бир жигит менен таанышканда башталган. Ал жигит ага машыгуучу жабдыкты колдонууну көргөзүп, андан кийин аны бир жолугушууга жеткирип койгон. Алар бири-бири менен кат алыша баштаган. Бир нече аптадан кийин жаш жигит аны шаардын четиндеги ижарага алынган үйгө чакырган.

Ошол убакта аларга өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган беткапчан үч киши келген. Алар журналист кыздын ата-энесине интимдик видеолорун көрсөтөбүз деп коркутушкан — көрсө аталган жигит экөө Ысык-Көлдө эс алган үйгө жашыруун видео камера орнотулган экен. Атайын кызматтанбыз дегендер кыздан Temirov Live’дын даярдалып жаткан иликтөөлөрү тууралуу айтып берүүнү талап кылышкан.

Журналист талапка көнүп, тыңчылыкка барган эмес, ал эми Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөөнү жарыялашкан. Арадан бир канча күн өткөндөн кийин Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темиров кармалып, соцтүйүнгө Temirov Live’дын кызматкеринин жогоруда аталган интимдик видеосу жарыяланган. Бул окуядан кийин жаш жигит байланышка чыкпай калган, ал эми укук коргоо органындагы булак жаш жигит УКМКнын кызматкери экенин билдирген.

Иликтөөгө чейин жана андан кийин да УКМК бир нече пресс-релиз тараткан, анда атайын кызмат иликтөөдө айтылгандардын баарына аралашканын төгүндөгөн

Тема боюнча: Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Эки Болоттун кармалышы

Милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду 22-январда кармаган.

Болот Темировду Temirov Live’дын кеңсесинде бир канча сааттык тинтүүдөн кийин кармашкан. Милиция Темировдун арткы чөнтөгүндө салмагы 7,79 грамм болгон зат табылды деп ишендирүүдө. Экспертизанын жынынтыгына ылайык, ал зат — 7,77 грамм салмактагы каннабис чыйыры (гашиш) баңгизаты болгон. Төкмө акынды болсо көчөдө кармашкан жана кармоо учурунда анын да жанынан гашиш табылган.

Кийинчерээк милиция Темиров сатуу максатын көздөбөй баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелип жатканын, ал эми Назаровго эки берене боюнча айып тагылганын билдиришкен. Акын «Баңги каражаттарын сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо» жана «Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү» беренелери боюнча шектелүүдө.

Ал эми журналист өзү кеңседен чыгарылып баратканда ага «баңгизат салып коюшканын» билдирген. Темировду кармоо учурунда укук коргоо органынын кызматкерлери Temirov Live’дын кеңесесиндеги компьютерлерди кошо алып чыгып кетишкен.

Ошол эле күнү милиция төкмө акын Болот Назаровду кармап, жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Темиров дагы, Назаров дагы милициянын аракеттерин өздөрүнүн ишмердиги жана Temirov Live’дын «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясы өндүргөн мазутту экспорттоодогу күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөсүнүн чыгышы менен байланыштырып жатышат. Бул схемаларга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын байланышы бар болушу мүмкүн.

Темиров менен Назаров учурда эч жака кетпөө тил каты менен үй камагына чыккан. Бул чечим 23-январда аларды колдоо митингинен кийин чыгарылган.