Президент Жогорку жана Конституциялык соттун төрагаларын дайындады

Президент Садыр Жапаров Жогорку жана Конституциялык соттун төрагаларын дайындады. Жогорку соттун төрагасы болуп Замирбек Базарбеков, ал эми Конституциялык соттун төрагасы болуп Эмил Өскөнбаев дайындалды. Күн мурун алардын талапкерлигин парламент депутаттары жактырган эле.

Замирбек Базарбаев деген ким?

Замирбек Базарбеков 2016-жылдан тарта учурдагы президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгону белгилүү.

Замирбек Базарбеков парламенттин 2-февралдагы жыйынында. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Базарбеков 1989-жылдан тарта адвокатура жана прокуратура органдарында иштеп келген. 2011-жылы ал Сотторду тандоо кеңешин жетектеген, бирок коомчулуктун сынынан кийин отставкага кеткен. Ал учурда Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш Базарбековду мурдагы кызматтарында өз милдеттерин так аткарбаган деп айыптаган. Жарандык кеңеш Базарбеков адам укуктарын бузган жана «аттестациядан өтпөй калган» деп билдирген.

2020-жылдын декабрында ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Базарбековду сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары кылып дайындаган.

Эмил Өскөнбаев деген ким?

Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. 2016-жылы ал ошол кездеги президент, анын администрациясы жана алтынчы чакырылыштын көпчүлүк депутаттары Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаганда ага активдүү каршы чыккан.

Эмил Өскөнбаев парламенттин 2-февралдагы жыйынында. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Өскөнбаев 2020-жылы Конституциялык палатанын судьяларынын курамында болгон. Палата Клара Сооронкулованын парламенттик шайлоону жана Конституцияны реформалоону жылдыруунун мыйзамдуулугу боюнча арызын караган.

Конституциялык палатанын ушул маселеге байланыштуу жыйыны учурунда имараттын алдында чакан митинг өткөн. Ошол учурда активисттер Өскөнбаев Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүүсүнө каршы болгонун эстеп, дубалга «Өскөнбаев, даканса» деп жазылган плакаттарды илишкен.

Митингдеги плакат.

Жыйынтыгында Конституциялык палата шайлоону жылдыруу жана өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Конституцияга каршы келбейт деп чечкен.

Кийин юристтер Конституциялык палатанын судьяларына, анын ичинде Өскөнбаевге башында Садыр Жапаров турган учурдагы бийлик тарабынан кысым көрсөтүлгөнүн айтып чыгышкан. Конституциялык палатанын чечимин Өскөнбаев жазды деген версия дагы пайда болгон.

Анда Өскөнбаев басым тууралуу мындай деп айткан: «Кандай айтсам… Басым болгон күнү да бул тууралуу ачык айтпайсың да, көрбөйсүң деле да. Кысым болду деп айтууга эч кандай негиз жок. Мен сиздерге ушундай жооп бермекмин».

Базарбеков менен Өскөнбаевге чейинки төрагалар — Нургүл Бакирова жана Карыбек Дүйшеевди президент 2-февралда кызматтан бошоткон. Алар өз эрки менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан.

Жогорку сот Бакированын кызматтан кетиши Конституцияда Жогорку сотту шайлоо тартиби өзгөрүлгөнүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Бакирова 9 ай Жогорку соттун төрайымы болуп турду.

Ал эми Карыбек Дүйшеевдин кызматтан кетүү себеби белгисиз. Ал Конституциялык палатанын төрагалыгына 2019-жылдын 1-июлунда дайындалган.