Кыргыз-казак чек арасы аркылуу 12 кг кара куурай алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кыргыз-казак чек арасы аркылуу баңгизатын мыйзамсыз алып өтүүчү каналга бөгөт коюлганын билдирди.

Комитеттин маалыматына ылайык, К.К.М. жана А.М.А. аттуу эки жаран Талас облусунун Кара-Буура районундагы «Аманбаев» тилкесинде баңгизатын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалды.

«Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан жалпы салмагы 12 килограммга жакын, өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган (культивацияланган индиялык кара куурай) үч даана желим баштык табылды», — деп жазылат билдирүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул факты «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен катталып, тергөө амалдары башталды.

УКМКдан кармалгандардын бири мурда дагы баңгизатын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тастыкталганын белгилешти. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылдын декабрь айында УКМК Бишкек шаары менен Чүй облусунда жашы жете элек балдарга баңгизат саттырган каналдын ишине бөгөт коюлганын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, кылмыштын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде туруп кыргызстандык өспүрүмдөргө көрсөтмө берип турган. Балар коомдук жайларда, парк, аянттар жана бак-дарактарга баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалаган адам электрондук капчык же банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалымат алышкан.

Тем боюнча:

УКМК: Жашы жете элек балдарды баңгизат саттырган туруктуу каналга бөгөт коюлду

Бишкекте алмага жашырылган ири өлчөмдөгү баңгизат табылды