Бишкектин эки шайлоо округунда үгүт иштери башталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында кайра шайлоонун үгүт өнөктүгү башталганын «Клоопко» кабарлады. Кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына дайындалган.

Маалыматка ылайык, 7- февралда башталган үгүт иштери 26- февралда саат 08:00 аяктайт. Ал эми шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлүп, 22-февралда «Тизме» порталына жарыяланат.

Боршайком аталган эки округдан бир мандаттуудан жалпы 53 талапкерди каттады. Алардын ичинен №27 Биринчи май шайлоо округунан 27 талапкер, ал эми Свердлов райондук шайлоо округунан 26 талапкер ат салышты.

Өлкөдө 2021-жылдын 28-ноябрында паламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган. Жогоруда аталган эки округда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.

Авторлошу: Дилде Шатанова

Тема боюнча дагы окуңуз:

Бишкектин эки округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт

Биринчи май жана Свердлов округдарына кайра шайлоо 18-декабрдан кийин дайындалат

Бир мандаттуу эки округдан кайра шайлоого катышуу үчүн 53 талапкер катталды