Жалал-Абад: Мушташта каза тапкан 22 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип өспүрүм кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда массалык мушташ учурунда каза тапкан 22 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип 16 жашар өспүрүм кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 7-февралда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мушташ 6-февралга караган түнү 20-25 жаштагы кишилердин ортосунда болгон. Анда 22 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну көкүрөк тарабына миздүү куралдан жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон.

Окуя тууралуу милицияга Базар-Коргон аймактык ооруканасынын дарыгерлери билдиришкен. Кылмыш жасалган жерге Базар-Коргон жана Ноокен райондук ички иштер башкармалыктардын кызматкерлери барышып, керектүү материалдарды чогултушкан.

Ноокен РИИБи «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 16 жаштагы өспүрүмдү кармады. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

2020-жылдын 8-октябрында Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында калаа тургундары жана Ак-Дөбө айылынын тургундарынын ортосунда массалык мушташ болуп, төрт киши жарадар болгон. Алар Аксы районунун акимчилик ордун талашканы айтылган. Көп өтпөй жаракат алгандардын бири каза тапкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аксыда массалык мушташта каза болгон тургундун жакындары акыйкат издейт