Башкы прокуратура Мирлан Ураимовдун кармалышынын мыйзамдуулугун текшерет

Курманкул Зулушев. Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышынын мыйзамдуулугу каралат деп убада кылды. Ураимов 8-февралда «бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого» шектелип кармалган.

Зулушевдин айтымында, Ураимов соцтармактарда «бүгүнкү бийликти алмаштырыш керек» деп, президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «ар кандай аттарды коюп, чакырыктарды жасаган».

«Мыйзамдуулугу боюнча прокуратура бүгүн карайт. Ал чакырык боюнча экспертизага алындыбы? Алынганда козголдубу? Мына азыр бизде такталып жатат. Түндө болгон иш да. Бул боюнча мыйзамдуулугун карайбыз», — деди Зулушев.

Зулушев кимдир бирөөнү «жамандаган үчүн кылмыш ишин козгоо туура эмес экенин», бирок ошол эле учурда «жамандагандын оюнда чакырык же мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган аракеттер болсо» ал киши жоопко тартылышы керектигин белгиледи.

«Сиз туура айтып жатасыз: бир эле жамандап коюу боюнча кылмыш ишин козгогон туура эмес. Бирок жамандагандын ою, аракет же аракетсиздик дейт билесиз кылмыштын курамы, эгерде ойдун түпкүрүгүндө чакырык же чынында мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган кандайдыр бир аракеттер болсо сөзсүз түрдө жооп бериши керек», — деди ал.

Ураимовдун кармалышы

8-февралдын кечинде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимовду УКМКнын кызматкерлери үйүнөн кармап кеткени белгилүү болгон. Андан соң анын үйүндө тинтүү жүргөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарлаган.

Ал эми партия мүчөсү Орозайым Нарматова Фейсбукка жазган постунда «Ураимовго мындан бир нече күн мурда УКМКнын балдары эскертүү беримиш болуп, коркутууга аракет кылганын мага айтты эле» деп билдирген.

Кийинчерээк аны УКМКнын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон, анын тарапташтары атайын кызматтын имаратынын алдына чогулушкан.

Ал эми 9-февралда гана УКМК Ураимовдун кармалганын тастыктап, ал «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирди.

Атайын кызмат Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан» деп белгиледи. Ал эми Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова 8-февралда күч органдары анын кардарын «соцтармактарда калтырган комментарий үчүн кармаганын» билдирген.

Ошондой эле, адвокаттын айтымында атайын кызмат Ураимов жазды делген комментарийди экспертизага жиберип, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар бар экенин» аныктаганын маалымдаган. Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгилеген.

Ураимов коомчулукта «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист катары белгилүү. Ошондой эле ал социалдык тармактарда бийликти сындап келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Түндө барып баса калган практиканы токтотпойсуңарбы?». Мадумаров Ураимовдун кармалышы тууралуу