«Түндө барып баса калган практиканы токтотпойсуңарбы?». Мадумаров Ураимовдун кармалышы тууралуу

«Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында партиялашы Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча билдирүү жасады. Ал УКМКга жана милиционерлерге кайрылып «түндө барып баса калган практиканы токтотууну» талап кылды.

«Эгерде кандайдыр бир жүйөлүү себептер болсо бизге кат жүзүндө кайрылып коюшса [...] Күндүзү эле барып жакшынакай болуп сүйлөп, сурашып келсе болот го. Түндө барып бала-чакасын коркутуп, ыркыратып-чыркыратып кыйнагандын эмне кажети бар? Ураимов бир жака качып кетеби? Же ал күчтүү бир террорист, кылмышкерби? Же мамлекеттен бир тыйын уурдаган кишиби? Же бирөөнү барып сабап кеткен кишиби?» — деп суроо салды ал.

Мадумаров Ураимовду «эң интеллигенттүү жигит» деп сыпаттап, «суракка чакырса өзү убагында бармак» деп билдирди.

«Же бул бир кишинин мисалында башкаларга ишарат берүүбү? Же башкаларды коркутуубу? Эмне үчүн ушул караңгы киргенде барып баса калмай практикага айланып калды? Мындай болчу эмес эле го Кыргызстанда? Бул замандан биз өтпөдүк беле?! Чакырганда дагы абайлап, этияттап чакырчу эле го күндүзү дагы» — деди ал.

Ошондой эле депутат Ураимовго тагылган айыптоону «жасалма» деп атап, «ага коюлган күнөөнүн бир пайызы дагы жукпайт» деп кошумчалады.

Ураимовдун кармалышы

8-февралдын кечинде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимовду УКМКнын кызматкерлери үйүнөн кармап кеткени белгилүү болгон. Андан соң анын үйүндө тинтүү жүргөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарлаган.

Ал эми партия мүчөсү Орозайым Нарматова Фейсбукка жазган постунда «Ураимовго мындан бир нече күн мурда УКМКнын балдары эскертүү беримиш болуп, коркутууга аракет кылганын мага айтты эле» деп билдирген.

Кийинчерээк аны УКМКнын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон, анын тарапташтары атайын кызматтын имаратынын алдына чогулушкан.

Ал эми 9-февралда гана УКМК Ураимовдун кармалганын тастыктап, ал «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирди.

Атайын кызмат Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан» деп белгиледи. Ал эми Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова 8-февралда күч органдары анын кардарын «соцтармактарда калтырган комментарий үчүн кармаганын» билдирген.

Ошондой эле, адвокаттын айтымында атайын кызмат Ураимов жазды делген комментарийди экспертизага жиберип, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар бар экенин» аныктаганын маалымдаган. Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгилеген.

Ураимов коомчулукта «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист катары белгилүү. Ошондой эле ал социалдык тармактарда бийликти сындап келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК Мирлан Ураимов «бийликти басып алууга чакырык жасоого» шектелип кармалганын билдирди

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү кармалды. Анын тарапташтары УКМКнын алдында топтолушту